Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Дүйшөмбүдө президенттикке талапкерлерди каттоо аяктайт


БИШКЕК. 13- июнда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлер Курманбек Бакиев менен Акбараалы Айтикеевди каттоодон өткөрөт. 11- июнда беш адам президенттикке талапкердин күбөлүгүн алышкан. Ал эми талапкер Урмат Барыктабасовдун катоодон өтөөр-өтпөсү күмөн болуп турат. БШКнын маалымат кызматынын башчысы Нина Мухина билдиргенге караганда, Урмат Барыктабасов Казакстандын атуулу экендигин тастыктаган Жамбул облустук ички иштер башкармалыгынын документтери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан сунуш кылынган. Бул иш боюнча атайын жумушчу топ иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. 13-июнда президенттикке талапкерлерди катоо аяктайт, ал эми 14- июнда талапкерлердин үгүт өнөктүгү башталат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынын билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG