Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Тажикстандын тартип коргоо органдары кармап кеткен кыргызстандык үч чек арачы Чкалов шаарынан Хожент шаарына которулду


БАТКЕН. Облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин айтымында, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын Башкы прокурору Бубоджон Бубохонов менен Ходжент шаарында улуттук коопсуздук башкармалыгында кармалып турган чек арачыларды чыгарып келүү боюнча өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 11-июнь күнү Баткен аскер прокурору, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын Тажикстанда кармалып турган чек арачыларды чыгарып келүү үчүн болгон сапары натыйжа берген эмес.

6-июнда кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстандык үч чек арачы мыйзамсыз аракети үчүн жети тажик атуулун кармоого аракет жасаганда, атуулдар чек арачыларга каршы күч колдонуп, кагылышуу орун алган. Кагылуушуда асманга атылган ок тажик атуулуна жаңылып, ал кийинчерээк көз жумган. Окуядан кийин Тажикстандын Чорку айылынын жыйырмадай тургундары адегенде бир, андан кийин эки кыргыз чек арачысын кармап, уруп-сабап, Чорку айылына алып кеткен. Чек арачыларды андан ары Тажикстандын тартип коргоо органдары Чкалов шаарына алып кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG