Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Президенттикке талапкердин жактоочулары пикетке чыгышты


БИШКЕК. Президенттикке талапкер Урмат Барктабасовдун жүздөн ашуун жактоочусу 13-июнда адегенде Жогорку Кеңеш, андан соң Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Урмат Барктабасовду талапкер катары каттоону талап кылышты. Урмат Барктабасов Казакстандын атуулу болгондуктан Борбордук шайлоо комиссиясы 13-июндагы отурумунда аны президенттикке талапкер катары каттабоо чечимин кабыл алды. БШКнын маалыматына караганда, Урмат Барктабасов Казакстандын Жамбыл областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан 2003-жылдын 27-августунда Казакстандын атуулдугун алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG