Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

АКШ кыргыз бийлигине нааразы


БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 13-июнда өзбек качкындарынын кайтарылышына байланыштуу билдирүү таратты. Анда АКШ кыргыз бийлигинин өткөн жумада Өзбекстандын төрт атуулун өлкөсүнө кайтарып бергендигине нааразы экендиги кабарланды. АКШ ошондой эле БУУнун качкындар боюнча Башкы комиссарынын өкүлдөрү менен кеңешпей туруп, качкындардын өткөрүлүп берилгендигин жана алар өзбек бийлигинин кысымына кабылышы мүмкүн экендигин белгиледи. Андан тышкары Улуттук коопсуздук кызматынын Жалалабад шаарындагы башкармалыгында кармалып жаткан Өзбекстандык 12 атуулдун абалын билүүгө БУУнун качкындар боюнча Башкы комиссарынын өкүлдөрүнө шарт түзүлүүсү зарыл экендигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG