Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Парламенттин алдында пикет уюштурулду


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 13-июнда «Ынтымак» жана «Мээржан» коомдук уюмдарынын жыйырмадан ашуун өкүлү пикетке чыгышты. Алар «Парламент, Курманбек Бакиевден колуңду тарт!», «Өмүрбек Текебаев, эсиңе кел!», «Жогорку Кеңеш, Үсөн Сыдыковдон колуңду тарт!» деген талаптар жазылган плакаттарды кармап турушту. Пикетчилер парламентти таратуу Үсөн Сыдыковдун демилгеси эмес, элдин пикири экендигин айтышып, парламент эртеби кечпи тарашы керек деген оюн билдиришти. Өткөн апта соңунда парламент өлкөдөгү баш аламандыктардын баары Үсөн Сыдыков тарабынан уюштурулуп жаткандыгын айтышып, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевден Үсөн Сыдыковду жумуштан алууну өтүнгөн токтом кабыл алган.

XS
SM
MD
LG