Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Президенттикке талапкерлер макулдашуу хартиясына кол коюшту


БИШКЕК. 13-июнда Кыргызстандын президенттигине 5 талапкер макулдашуу хартиясына кол коюшту. Ага БУУнун, ЕККУнун жана чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин өкүлдөрү катышты. Хартияны Борбордук Шайлоо комиссиясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кеңеши жана бейөкмөт уюмдардын көмөгү менен даярдаган. Анда талапкерлерди Кыргызстандын мыйзамдарына каршы аракеттерге барбоого жана ЕККУнун талаптарын так аткарууга милдеттендирген 20 талап жазылган. Талаптарга ылайык талапкер атаандаштарына каршы эч кандай коркутуп-үркүтүүлөргө барбай, шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде жүргүзүүгө милдеттенип, шайлоо комиссияларын опуза кылган билдирүүлөр менен чакырыктарды жасай албайт. Хартияга президенттикке талапкерликке көрсөтүлгөн 12 атуулдун бешөө гана кол коюп, кол коюу салтанатына катышкан Токтайым Үмөталиева менен Аманбай Сатыбаев кол коюудан баш тартышты. Калган 5 талапкер салтанатка келген жок.

XS
SM
MD
LG