Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Аскар Акаевдин жана анын жакындарынын мүлкүн текшерген мамлекеттик комиссия ишин аяктады


БИШКЕК. Мурдагы мамлекет башчы Аскар Акаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү делген ишканаларды текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия өз ишин жыйынтыктады. Буга байланыштуу 13-июнда өкмөт үйүндө президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов жана башка жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Комиссия төрагасы Данияр Үсөновдун маалыматы боюнча, соңку жылдары өлкөдө Аскар Акаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү ишканаларга артыкчылык берилип, өлкө казнасына эң ири ишканаларды кошпогондо 2 миллиард сом зыян келтирилген. Ошондой эле Үсөновдун айтымында, сонку бир нече күндүн ичинде Аскар Акаевдин жакындарына тиешелүү делинген 143 ири кирешелүү ишканалар текшерилип, алардын көпчүлүгүнүн Аскар Акаевдин жакындарына тиешелүү экендиги аныкталды. Калган ишти улантуу өлкөнүн тартип коргоо органдарына тапшырылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG