Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

КАРЫЗДЫ КАЙТАРЫШТЫН КАЙГАЙЫ


Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард долларды чапчып, ушу тапта өкмөт аны кайтарып берүүнү кийинкиге жылдыруу аракетин көрүүдө. Өнүккөн жети өлкөнүн каржы министрлеринин июль айынын башында өтчү жыйынында кедей мамлекеттердин бутуна туруп кетишине будоо болуп аткан олчойгон карыздарын кечип ийүү маселеси каралганы турат. Кембагал өлкөлөрдүн катарында Кыргызстандын да аты аталып, анын тыш карыздарынын биртобун кечип, калганын кайтарып алууну кийинкиге жылдыруу маселеси коюлууда.

Кыргызстанды ашып барса үч жылда Швейцарияга айлантып ийүү тилегин 15 жыл кайталап келген А. Акаевдин тушунда алынган 2 миллиардга жакын доллар карыз акчаны кайтаруу кыйладан бери өкмөттүн башоорусуна айланып келатат.

Өнүккөн жети өлкөнүн каржы министрлеринин өткөн апта соңунда Лондондо өткөн жыйынында колдоого алынган кедей өлкөлөрдүн карызын толугу менен кечип ийүү планына 37 мамлекет киргизилген.

Бирок да бул жөрөлгө Дүйнөлүк банк менен Эларалык валюта корунун бүтүмү боюнча ишке ашырылмакчы. Эларалык финансы уюмдары кедей өлкөнүн карызын кечип ийиштен мурун ал жердеги экономикалык реформалардын жүрүшү, башкаруунун натыйжалуулугу, коррупцияга каршы кандай күрөш жүргүзүлүп жатканына талдоо жүргүзөт.


Улуу Британиянын каржы министри Гордон Браундун өнүгүп келаткан өлкөлөргө жардам көрсөтүүчү Эларалык каржылоо фондун түзүү идеясы АКШ тарабынан колдоо тапкан жок. Эгер ал ишке аша турган болсо кедей өлкөлөрдүн бутуна туруп кетишине 100 миллиардга жакын доллар акча жардам катары бөлүнмөк.

Ушул жылдын 11-мартында Париж клубуна кирген өлкөлөр Кыргызстандын тышкы карыздарынын биртобун кечип, кыйласын кайтарып берүүнү кийинкиге жылдырууга макул болушкан. Андан аз илгери - 23-февралда Эларалык валюта фонду Кыргызстандагы жакырчылыкты азайтуу, экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү багытындагы программаны жактырган.

Бирок алдагыдай программалар кыргыз өкмөтүнүн колу-жолун байлап, өз алдынча аракет жасашына мүмкүндүк бербей жатканын вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов мындайча чечмелейт:

- Тышкы карыздар. Программалар ушундай түзүлүп калыптыр, МВФсиз эч нерсени көтөрө албайбыз, эч нерсени азайта албайбыз, өзгөртө да албайбыз. Өкмөт барбы-жокпу, эларалык макулдашууларды түз аткарсак да эч нерсе кыла албайбыз. Ушундай ахывалга келип калганбыз.

Данияр Үсөновдун ырасташынча, Кыргызстандын тышкы мамлекеттик карызын эч ким кечкен жери жок. Өкмөт 1-июлга чейин макроэкономикалык көрсөткүчтөр, салыктардын чогултулушу боюнча программада белгиленген шарттарды аткарышы абзел. Ага кошумча, 30-сентябрга чейин кредит берген өлкөлөр менен кош тараптуу макулдашууларды түзүүгө жетишүүсү керек. Андай өлкөлөрдүн саны 21.

Улуттук статистика комитетинин төрага орунбасары Иманкадыр Рысалиев негизги маселе карыздын кечилишинде эмес, эгер өлкөдө саясий туруктуулук менен экономикалык өнүгүү камсыз кылынбаса, эртең эле ал кайрадан карызга белчесинен батып калары бышык деген ойдо.

- Канча карызды жоебузбу-жойбойбузбу, бизде саясий туруктуулук болбосо, экономикабыз өнүкпөсө, кайта эле карызга малынып отурабыз.

Парламент депутаты Марат Султановдун ырасташынча, ушу тапта Кыргызстандын тыш карызы улуттук дүң продуктусуна карата 60 пайызды түзөт. Анткен менен мамлекет салык жыйноо, жыйымдарды чогултуу жагынан дагыле аксап келатат.

- 60 пайыздын тегерегиндеги деңгээл бай өлкөлөрдө деле бар. Бул анча деле коркунучтуу деңгээл эмес. Бизде бир чатак жер бар. Бизде ички дүң продуктка салыштырмалуу киреше жагын чогултуу жагы абдан төмөн болуп жатат. Мисалы, чет өлкөлөр кирешени 25 – 40 пайызга чейин чогултушат. Биз болсо ашып кетсе 15 пайыз чогултуп атабыз. Калганын четтен келген кредиттер менен жаап келатабыз. Ошону менен ал 20 пайыздын тегерегинде болуп жатат. Башкача айтканда, дүйнөлүк стандарттан эки эсе аз болуп жатат.

Эмдиги айдын башында Шотландияда жыйналчу байманалуу өлкөлөрдүн каржы министрлеринин жыйынында Британия өкмөтү сунуштап жаткан план жактырылып кала турган болсо Кыргызстан кадыресе экономикалык жеңилдикке ээ болмок. Ал үчүн эларалык финансы уюмдарынын айткан-дегенин так аткарышы абзел.
XS
SM
MD
LG