Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

АКАЕВДИН МҮЛКҮН АНЫКТОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯНЫН ИШИ АЯКТАДЫ


Мурунку президент Аскар Акаевге, анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына таандык мүлктү аныктоо жана сактоо боюнча мамлекеттик комиссия ишин аяктады. Комиссиянын төрагасы Данияр Үсөнов жасалган иш боюнча 13-июнда өкмөттүн жыйынында маалымат берди. Эми топтолгон материалдар өкмөт токтому менен тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилмек болду.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча анын төрагасы, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов бир сааттан ашык сөз сүйлөдү. Ал эми бул маселе боюнча чакырылган жыйынга өкмөт мүчөлөрү, губернаторлор толук катышты. Жыйынды президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев алып барып, президиумда биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучулар Феликс Кулов, Медетбек Керимкулов баш болгон вице-премьер-министрлер отурду.

Данияр Үсөнов өз сөзүндө «Народный» дүкөндөр тармагы, “Бител” компаниясы, “Аалам сервис”, “МИС” жана башка ишканалардын Акаевдин жакындарына таандык экендиги далилденгенин, Кант цемент-шифер заводу, Кайыңды кант заводу ишканаларын менчиктештирүүдө мамлекетке келтирилген миллиондогон доллар зыяндар жөнүндө маалымат берди.

Комиссия Акаевдерге жакын 51 киши, 142 ишкананы иликтеген. Анын ишине “Кумтөр”, “Реемтсма” компаниялары кирген Эл аралык ишкерлер кеңеши катуу кысым көрсөткөн. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановдун айыптоосуна жооп кылган Үсөнов, «Ооба, Бабановдун фирмасы 1 миллиард сомго жакын салык төлөдү. Анысы туура. Бирок анын фирмасы мыйзамга ылайык 3 миллиард 200 миллион сом салык төлөөгө тийиш эле» деп белгиледи Үсөнов.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу Данияр Үсөнов буларды билдирди:

- Аскар Акаев президенттик милдетин түз аткарбай, аны бир үй-бүлөнү байытуу, коррупциялык системаны куруу, элди талап-тоноого пайдаланган. Биз ушул системага баа берип, ал иштебеш керек, түп-тамырынан үзүлүп, ушундайга кайта турган жолдор бузулуш керек деп таптык. Комиссиянын ишинин негизги жыйынтыгы ушул болду.

Акаевдин жакындары акыркы жылдары алып келген зыяндын өлчөмү жөнүндө Үсөнов буларга токтолду:

- Төлөнбөгөн салыктар, бюджеттик каражаттарды туура эмес пайдаланууну, анын ичинде уурдалган жана пайда түшө турган, бирок түшпөй калган каражаттарды эсептегенде 2 миллиард сомдон жогору зыян болгон.

Бул жерде «Кумтөр», Бишкек-Ош жолу өңдүү ири долбоорлор кошулган эмес, деп белгиледи Данияр Үсөнов.

Комиссиянын бүтүмүндө, экономиканын өспөй, калктын жакырланышына бийликтин, байлыктын бир адамдын колуна чогулуусу, мамлекеттик чечим бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына жараша кабыл алынышы себеп болгон, деп жазылган.

Өкмөттүк комиссиянын төрагасынын сөзүнөн кийин премьер-министр Курманбек Бакиев бул баарыбызга сабак болуш керек деген пикирин айтты:

- Мунун баары жомок дегендер да чыкты. Бирок бул реалдуулук экени далилденди. Ошондуктан, урматтуу өкмөт мүчөлөрү, мунун баары бизге жакшы сабак болуш керек. Кыңыр иш билинип, жаза болоору сөзсүз экенин билүүбүз керек.

Өкмөт жыйынынын соңунда токтом кабыл алынды. Ага ылайык комиссия иликтеп чыккан жана топтогон материалдар тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилет жана ал органдар мыйзам чегинде тийиштүү чараларды кабыл алмакчы. Комиссия иши болсо ушуну менен токтотулду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG