Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АЙРЫМДАРЫ «КЕЛИШИМ ХАРТИЯСЫНА» КОЛ КОЮШТУ


Азиза Турдуева, Бишкек 13-июнда Бишкекте «Хайат» мейманканасында президенттикке талапкерлердин айрымдары жалпы таанылган эл аралык принциптердин негизинде жана эл аралык демөөрчүлүк аркылуу түзүлгөн “Келишим Хартиясына” кол коюшту. Анда президенттикке талапкерлердин шайлоо өнөктүгү учурунда жана андан кийин да, өлкө мыйзамдарын так аткаруу, ар кандай чыр-чатактар менен мыйзам бузуулар учурунда тартип коргоо органдары, шайлоо комиссиялары менен кызматташуу жана башка милдеттенмелери камтылган.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана Кыргызстандагы атуулдук коомдун өкүлдөрүнүн демилгеси менен эл аралык эксперттер тарабынан түзүлгөн «Келишим Хартиясын» Кыргызстандын президенттигине талапкерлер Курманбек Бакиев, Акбараалы Айтикеев, Кубанычбек Апас, Гайша Ибраимова жана Назарбек Нышанов сактоого милдеттеништи.

Анда өлкө башчылыгына талапкерлер шайлоого даярдануу, катышуу учурунда жана андай кийин да, күч колдонуудан, ар кандай жаңжал чыгаруудан жана үркүтүп-коркутуудан баш тартууга, өздөрүнүн тарапкерлеринин арасында тартип сактоого, кандай шартта болбосун, шайлоочулардын эркине кысым көрсөтүү, добуштарды сатып алуу иштерине барбоого милдеттендирилген.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Алоиз Петерле «Келишим Хартиясына» талапкерлер тарабынан кол коюлгандан кийин ага байланыштуу мындай пикирин билдирди:

- Хартиянын башкы максаты – президенттикке талапкер өздөрүнө шайлоо өнөктүгүн ачык-айкын, демократиялык мамлекеттерге таандык эмес ыкмаларды колдонуусуз өткөрүу боюнча милдеттенме алуу. Мен Кыргызстанда президенттик шайлоо ачык-айкын, эркин өтүшүнө ишенем.

Ал эми өлкөнүн вице-премьер-министринин млдетин аткаруучу, Адахан Мадумаров болсо бул документтин алдыдагы президенттик шайлоону акыйкат, ачык өткөрүүдө ролу чоң болот деген пикирин билдирди:

- Бул “Келишим Хартиясынын” Кыргызстанда алдыдагы президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүдөгү ролу чоң болот. Анткени, анда талапкерлердин өлкөдөгү мыйзамдарды сактоо менен, көчөгө адамдарды алып чыкпай, чыр-чатактарды мыйзам чегинде чечүү менен шайлоо өнөктүгүнө катышуусу каралып, аларга ушул багытта милдеттенмелер жүктөлүүдө. Эгерде ушул Келишимге кол коюп алып, бирок аны аткарбай койсо, ал ошол талапкерлердин абийиринде. Алар жөнүндө маалымат каражаттарында жарыяланышы тууралуу да Келишимде айтылган.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев ЕККУ тарабынан сунушталган бул Келишимге байланыштуу мындай деди:

-Бул документ биринчиден, саясий доокумент. Ал эми аны юридикалык жактан карасак, анда айрым суроолор пайда болушу мүмкүн. Бирок жалпысынан бул документ менен макул болуп, ага кол койууга болот. Анда шайлоо акыйкат, элди көчөлөргө чыгаруусуз, тынч маанайда өткөрүлсүн деген жакшы максаттар көздөлгөн. Алдыдагы президенттик шайлоодо мурдагы бийликтин учурундагыдай административдик ресурс пайдаланылбайт, шайлоо ачык-айкын өтөт, эч кандай бурмалоо, мыйзам бузууларга жол берилбейт. Мен буга чейин да мындай жолдорго барган эмесмин, мындан ары да ага барбайм.

Жыйында айрым талапкерлер, алардын ичинде Токтайым Уметалиева, Аманбай Сатыбаев, Акбараалы Айтикеев «Келишим Хартиясына» карата сын пикирлерин айтып, ага Борбордук шайлоо комиссиясынан расмий түрдө катталган президенттикке талапкерлер гана кол койууга укуктуу деген маселени көтөрүп чыгышты. Муну алар Хартия талапкерлердин Келишими болгон соң, ага Борбордук шайлоо комиссиясынан расмий катталган талапкерлер гана кол койууга тийиш деп түшүндүрүштү. Ал эми бул күнү жыйынга катышкан талапкерлердин ичинен Токтайым Уметалиева гана расмий түрдө талапкер катары катталган талапкер эле.

Президенттикке талапкер Аманбай Сатыбаев Келишимге кол койбогондугун мындайча түшүндүрдү:

- Бул документ мектептеги окуучулар үчүн жазылгандай болуптур. Ага бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Бизден башка талапкерлер да бул Хартия Келишимине кол коюшкан жок. Ошондуктан, алар бүгүнкү жыйынга келишпеди.

Ал эми Келишимге кол койгон талапкерлердин бири Назарбек Нышанов болсо «Келишим Хартиясын» колдой тургандыгын мындайча билдирди:

- Бул документ жакшы документ болду. Анткени, ал Кыргызстанда стабилдүүлүктү камсыз кылуу, президенттик шайлоону адилет өткөрүү, атаандаштар бири-бирине карата чагымдарды уюштуруусуз, шайлоочулардын укуктарын бузбай шайлоо өнөктүгүнө катышсын деген максат көздөлүүдө. Бул жакшы максат. Кыргызстанда да шайлоолор демократиялык өлкөлөрдөй ачык, эркин, ЕККУнун стандарттарына ылайык өтүшү керек.

«Келишим Хартиясына» кол койууга президенттикке талпкерлер Турсунбай Бакир уулу, Кеңешбек Дүйшөбаев, Жусупбек Шарипов жана Урмат Барктабасов келген жок.
XS
SM
MD
LG