Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:48

Орусия президенти менен Британиянын өкмөт башчысы Чоң Сегиздин саммитинин күн тартибин талкуулашты


Бүгүн Орус президентинин Ново-Огареводогу резиденциясында Владимир Путин менен Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэрдин жолугушуусу болду. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселелери жана Чоң Сегиздин алдыда боло турган саммитинин күн тартиби талкууланды.

Путин келерки жылы чоң сегизге төрагалык кылуусу пландаштырылып жаткан Орусияга Британия колдоо билдире турганына үмүттөнүп жатканын айтты:

- Биз Чоң Cегизге төрагалык кылган учурда Британия бизге колдоо көрсөтөөрүнө үмүттөнөбүз. Биз Британиянын тажрыйбасын пайдаланууга курсантпыз.

Чоң Сегиз өлкөлөрүнө расмий визит жасап жаткан Блэр Орусияга кечээ келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG