Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

СУРАБАЛДИЕВДИН ӨЛҮМҮ МҮЛК ТАЛАШКА БАЙЛАНЫШТУУБУ?


Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүн иликтөөнүн жагдайы тууралуу коопсуздук кызматы менен ички иштер министрлигинин жетекчилери парламентке маалымат беришти. Маалыматтарга караганда, депутаттын өлүмүнө байланышы бар деп шектелген үч адам камакка алынды. Оперативдүү тергөө кызматы учурда ишти кылмыштуу иштерге жана мүлк талашка байланышкан эки божомолдун айланасында иликтеп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Азамат» автомобиль соодалоочу базардын ээси Жыргалбек Сурабалдиев 11-июнда Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Бирок ким өлтүргөндүгү өткөн үч күн аралыгында аныкталган жок.

Коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Таштемир Айтбаевдин билдиргенине караганда, депутатты өлтүргөн адамдарды салып жүргөн ак «Мерседестин» күйүп кеткен калдыгын тартип коргоо кызматтары ошол эле күнү Ысыката районунун Үчэмчек айылына жакын жердеги тоо арасынан табышкан. Ал эми аны пайдаланган адамдар жарым саат ичинде Кыргызстандан чыгып кетишкен. Бул аралыкта кылмышкерлерди кармап калууга күч кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрү жетпей калган. Мындай жагдайды ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов милиция кызматынын материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүүлүгү менен түшүндүрдү.

Айтбаев парламентте ошондой эле бул иш коопсуздук кызматынын жетекчилигинде иликтенип жатканын кабарлады. Оперативдүү тергөө кызматы үч күн ичинде маркумдун бардык тааныштарын, тууган-жакындарын сурап чыкты:

- Оперативдүү тергөө учурунда «Азамат» автобазарынын мурдагы, азыркы кожоюндары жана аталган авторынокко көзү түшкөн жаңы адамдар аныкталды. Сурабалдиевдин жакын байланыштары, тегерегиндегилер иликтенди.

Буга чейин Сурабалдиевге карата 24-мартта Борбордук аянтта болгон окуяда «ак шапкечендерди» уюштурган деген дооматтар айтылып келген. Парламенттин алгачкы отурумдарынын биринде Жыргалбек Сурабалдиев мындай дооматты негизсиз деп, четке каккан. Анткен менен депутаттын өлүмүнүн саясий өңүтү да иликтенип жатканын Айтбаев депутат Эшимкановдун суроосуна жооп берип жатып билдирди:

- Ал бир нече ирет коопсуздук кызматына чакырылган. Биз бул ишти тергеп жатабыз. Суракка чакырылган. Бизде сурак протоколдору бар.

Ушул эле күнү «АКИпресс» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында маркум Сурабалдиевдин кызы Элвира атасынын өлүмүн бийлик башында отурган адамдар тарабынан жасалган саясий заказ деп баалады жана депутаттын өлүмүнүн кылмыштуулук менен байланышы жок деп эсептеди.

Депутаттын өлүмүнө күнөөкөрдү аныктоо - парламент күч структураларынан талап кылган башкы маселе болду. Күч структуралары дегеле буйрутма кылмыштарды ачарына ишенбеген депутаттардын бири Сооронбай Жээнбеков өз оюн коррупциянын тамырлап кеткендиги менен негиздеди:

- Бул окуя Кыргызстандын бардык тартип коргоо органдарына чакырык болду. Тартип коргоо органдары эч нерсе кылган жок. Бириккен да жок. Эми депутаттарды атып атат. Бул Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүнө коркунучтуу.

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталиновдун маалыматында акыркы беш жылда Кыргызстанда 29 адам буюртма жол менен өлтүрүлгөндүгү айтылды. Алардын бири да буга чейин толук ачыла элек. Ушундай жагдайды эске алган депутаттардын бир кылкасы буйрутма киши өлтүрүү, анын ичинде саясатчылардын өмүрүнө кол салуу улана бериши ыктымал деп болжошту.

Ал эми депутат Мелис Эшимканов бул максатта атайын тизме түзүлүп жатканы тууралуу маалымат уккандыгын билдирип, бул тууралуу атайын кызматтын кабары бар же жок экенин билүүгө кызыкты:

- Саясий буйрук боюнча атайын тизме бар экен. Анда Феликс Кулов, Азимбек Бекназаров, Баяман Эркинбаев, Өмүрбек Бабанов, Мелис Эшимканов катталыптыр. Сизде ушундай маалымат барбы?

Бирок Коопсуздук кызматынын башчысын мындай маалымат ынандырган жок.

Парламент Сурабалдиевдин өлүмүнө жана бардык буюртма киши өлтүрүүлөргө байланыштуу күч бийлигинин маалыматын келерки жолу 28-июнда укмай болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG