Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

15-июнда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Өлкөдөгү гидрометеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 15-июнда Кыргызстандын аймагы боюнча жаан-чачындын болушу күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32 градус ысык. Жалалабат, Ош, Баткен, Чүй облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +29 градустан +34 градуска чейин ысыйт. Ысыккөлдө +9...+14, күндүз +18...+23 градус жылуу. Нарын аймагында түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25 градус. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +32...+34 градус.


Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Шайырбек Эркин уулу

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG