Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Жалалабаддагы айрым атуулдар качкындардын кайтышын каалайт


ЖАЛАЛАБАТ. Өзбек бозгундары жашаган качкындар лагерине Жалалабат шаары менен Сузак районунан чогулган жүзгө жакын атуул тосмодон нары жөө барышып, качкындарга убактылуу жашоого уруксат берген кызматтарга нааразы болушту. Алар Өзбекстанда кырдаал тынч экендигин белгилөө менен качкындар эгер айыптуу болбосо мекенине кайтуусун жана үч күндүн ичинде облус аймагынан чыгып кетүүсүн сүйлөшүүгө келген качкын аксакалдардан талап кылышты. Талап аткарылбаса көп эл менен келип, күч менен чыгараарын айтышты. Миграция кызматынын качкындар убактылуу жашаарын түшүндүрүүгө аракет жасаган кызматкерин сүйлөтпөй коюшту. Өзбек бозгундары Өзбекстанга азыр кайтууга ниеттери жок жана ал жактан өлүмдөн качып келгендигин, лагерден мылтык менен атса да Анжиянга барбай тургандыктарын билдиришти. Бозгун туугандарын алып кетүүгө эки автобус жана он жети кичиавтобус менен келген Өзбекстандык кишилердин да аракети майнапсыз болду.

XS
SM
MD
LG