Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Шайлоону калыс өткөрүү боюнча комитет жыйын курду


БИШКЕК. 14-июнда «Атуулдар калыс шайлоо үчүн» аттуу комитеттин алгачкы жыйыны болду. Ал комитеттин төрагасы, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун төрагалыгы астында болуп, шайлоодо административдик басымды болтурбоо үчүн бейөкмөт уюмдар менен саясий партиялар кандай аракет көрүшү керек деген маселе талкууланды. Анын жыйынтыгында бул багытта жасала турган иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн демилгелүү топ түзүлдү. Жыйында жергиликтүү мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн шайлоого кийлигишүүсү байкалса дароо жаза берүү жана комитетке президенттикке бардык талапкерлердин өкүлүн тартуу милдети алдыга коюлду. Андан тышкары 20-июнда комитеттин кеңейтилген жыйынын өткөрүп, ага президенттикке бардык талапкерлерди чакыруу белгиленди.

XS
SM
MD
LG