Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Чек арачыларды кайтаруу аракети көрүлүүдө


БИШКЕК. Өткөн жумада тажик атуулдары тарабынан күч колдонуу менен кармалып кеткен Кыргызстандын чек ара кызматынын үч жоокерин кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Аны кыргыз тараптан чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары генерал-майор Алыбай Кайыпов жүргүзүүдө. Бул тууралуу 14-июнда чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 6-июнда кыргыз чек арачылары жети тажик атуулун мыйзам бузууга байланыштуу кармоого аракет жасаган. Анда ок атылып, бир тажик атуулу каза болгон. Андан кийин Тажикстандын Чорку айылынын тургундары үч кыргыз чек арачысын кармап кеткен.

XS
SM
MD
LG