Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Каракечеде абал өзгөрүүсүз


БИШКЕК. «Эр айдоочу» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Качкын Булатовдун 14-июндагы билдирүүсүнө караганда, Каракече көмүр кени 6-июндан бери Жумгал районунун тургундарынын колунда калууда. Элдин көтөрүлүшүнө көмүр казуучу «Беш сары», «Мээрим» фонду, «Акжол» фирмаларынын эмгек жана экологиялык коопсуздуктарды сактабай, жолдорду бузуу менен иш жүргүзүүсү себеп болгон. Ал эми «Беш сары» фирмасынын кожоюну, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев бул иштерди менчик бөлүштүрүү катары баалоодо. «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Файзулла Рахманов баш болгон өкмөттүк комиссия 15-июнда Каракечеге барып, эл менен сүйлөшүүгө аракет кылмакчы. Ал эми «Ак жол» ишканасынын жетекчилиги бул ишканага Турдакун Усубалиевдин эч кандай тиешеси жок экенин кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG