Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Казакстанда сыртка акча чыгарып кетүүдө коюлган чектөөлөр жоюлду


Муну караган мыйзамга президент Нурсултан Назарбаев бүгүн кол койду. Мурда Казакстанда бир адамга мыйзам боюнча эң көп дегенде 10 миң АКШ долларын гана алып кетүүсүнө уруксат берилчү. Айрым чет өлкөлүк ишкерлер өлкөнүн мунай тармагына тартылган чет өлкөлүк компаниялардын санын жана алардын инвестициясын эске алганда, бул өтө эле аз сумма экенин айтып келишкен эле. Бүгүнтөн тарта Казакстандан чет өлкөлүк валютаны каалаган өлчөмдө алып чыгып кетүүгө болот, бирок банктан же акча алмаштыруу кеңселеринен ошол каражат алынганын далилдеген документ талап кылынат.

Эл аралык соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады

XS
SM
MD
LG