Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Евробиримдик өзбек бийлигине каршы санкция киргизүүсү мүмкүн


Евробиримдик эгер Өзбекстан Анжиан шаарында болгон окуялар боюнча ушул айдын соңуна чейин көз карандысыз эл аралык иликтөө жүргүзүүгө көнбөсө, Өзбекстандын бийликтерине каршы санкция киргизүүсү мүмкүн. Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро – Вальднер кечээ буларды айтты:

-Биз Өзбекстандын бийликтери өлкөсүн эл аралык изоляцияга өздөрү түртүп жатканына терең тынчызданабыз. Өзбек тышкы иштер министри Брюсселге келмек эле, бирок визитин токтотуп койду. Өзбекстанга Евробиримдиктин жетекчилигинин өкүлү Хавьер Солананын баруусуна да мүмкүнчүлүк жок. Мунун баары кабыл алынгыс экенин айтып коюшум керек.

АКШ жана башка эл аралык уюмдардай эле Евробиримдик да Анжиандагы окуялар боюнча эл аралык иликтөөгө жол берүүгө Өзбекстанды бир нече курдай чакырган. Уюмдун азыркы төргасы, Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборндун айтымында, уюмга мүчө 25 өлкөнүн көпчүлүгү эгер Ташкен Еврбиримдикти жээрүүнү уланта берсе, эки ортодогу Кызматташтык жана өнөктөштүк келишимин токтотууну колдойт.

XS
SM
MD
LG