Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

МИЛИЦИЯ ЭМИ ПАРА АЛБАЙБЫ?


Айрым маалыматтарда Кыргызстанда кылмыштуулуктун саны акыркы жылдары төрт эсе өскөндүгү айтылууда. Мунун себебин байкоочулар күч структураларындагы ишти уюштуруудагы чабалдыктын кесепети дешет. Милиция кызматкерлери өздөрү болсо бул жагдайды мамлекеттик колдоонун начардыгы менен байланыштырат.

Мурат Суталинов март окуясынан кийин ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан экинчи жетекчи. Кызматка бир ай мурун киришкен бул жетекчинин айтымында, жаңы жетекчиликтин башкы милдети - коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүргөндөрдүн дароо табылбай калышы кайрадан милиция кызматкерлерине карата сын-пикирлердин күчөшүн шарттады. Бул маселени талкуулаган парламент бир күн мурун күч структураларын жалпы эле кылмыштуулукка каршы күрөштө алсыз болуп, негизинен милиция кызматкерлери жеке өзүнө пайда табуу максаты менен гана иштеп жатат деп сынга алды.

Маселен, Жогорку Кеңештин төрага орун басары Болот Шерниязовдун маалыматына караганда, он чакты жылдан бери ар бир жаңы жетекчи кылмыштуулукту ачууга көзөмөл жасабай эле, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн кошуп жазуулар менен алектенип келген. Шерниязов мындайды кайталабоо жаңы жетекчиликтин негизги милдеттеринин бири экендигин парламентте төмөнкүчө белгиледи:

- Арзан милиция мамлекет менен элге абдан кымбатка түшөт. Ошондуктан, бюджетти түзүп атканда, Мурат Абдыбекович, жетекчиликтин ыгына көнө бербей, ички иштер министрлигинин чыныгы акыбалын көрсөтүш керек. Ички иштердин бүгүнкү акыбалы кадрдык эле эмес, техникалык жабдуу жагынан да мукурап турат.

Ал эми депутат Рашид Тагаевдин пикиринде:

- Милициянын үлгү ала турган Чыныбек Алиев, Уран Алиев өңдүү кызматкерлерди атып салышты. Алардын өлүмү эмгиче ачылбай турат. Көптөгөн кызматкерлер кызмат орун жана башка жагдайлар боюнча орноп калган акча жыйнамай системасынын азабынан кетип калышты.

Министрдин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов болсо милициянын ыкчам, ар тараптуу, кесипкөй иш жүргүзүшү үчүн материалдык-техникалык шарттар жетиштүү түзүлгөн эмес, жашоо-тиричилигине мамлекеттик толук кандуу камсыздоо болбой жатат деген ойдо:

- Биздин милиция бүгүн ачка, жарды. Кечирип коюңуздар, азыр мен силерге маалымат берип жатам. Бирок менин сержанттарым менен лейтенанттарым бир жерде балким бирөөнүн акчасын тартып алып атат. Мен буга кепилдик бере албайм. Бирок паранын пирамидасы мындан ары болбойт.

Суталинов ошондой болсо да министрдин милдетин аткаруучу тармакта паракорчулукка мындан ары жол берилбейт, кесипкөйлүккө башкы көңүл бурулат дейт. Анын айтымында, милиция кызматкерлеринин жакында 50 пайызга көтөрүлгөн айлыгы алардын жашоо-тирлигине жетпейт. Ага кошумча милиция кызматкерлери акыркы үч жылдан бери каржы министрлигинен кошумча акчасын - 44 миллион сомун ала албай жүрүшөт.

Укук коргоочу «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова мындай дооматтардын чындыгы бар дейт:

- Тобокелге салып иштеп атышат. Ошого жараша кайтарымы болушу керек да. Мен билгенден, мына милиция кызматкерлери менен иштешип атабыз, компенсация алыша элек экен, эки жыл болуптур. Анан саатынан ашык иштегени үчүн да компенсация каралган, бирок бир да милиция кызматкерлери аны алышпайт.

Азиза Абдрасулова тартип коргоо кызматынын дагы бир өксүгү катары милициянын көз карандысыз боло албай жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, милиция март окуясына чейин башка күч структуралары сыяктуу эле саясий курал катары кызмат кылып келген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG