Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:00

ОШТОГУ ОК АТУУ БОЮНЧА ИЛИКТӨӨ УЛАНУУДА


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарындагы “Алай” мейманканасынын жанындагы ок атуу фактысы боюнча иликтөө иштери улантылууда. Ок атууга байланыштуу мейманкананын ичин тинтүүгө шаардык прокуратура уруксат берди. Бирок жергиликтүү укук коргоо органдары тинтүүнүн жыйынтыктары боюнча расмий түрдө маалымат берүүдөн баш тартышууда.

Ош шаарынын прокурору Талант Кожонов 13-июндагы ок атуу фактысын иликтөө максатында “Алай” мейманканасынын ичин тинтүүгө уруксат берилгендигин айтуу менен тинтүүнүн толук жыйынтыгы боюнча маалымат бере албай тургандыгын билдирди:

- Жети бала атылган октон жараат алып ооруканага түшкөндөн кийин мен курал бар деп “Алай” мейманканасын тинтүүгө санкция бергем. Ошол санкциянын негизинде кече, бүгүн тинтүү жүргүзүлдү. Тинтүү мезгилинде кандай курал-жарак, октор табылган боюнча милициянын жетекчилери толугураак маалымат бере алат деп ойлойм.

Ал эми милициянын отставкадагы полковниги Эгемберди Мадумаров каршылаш тараптардын ортосунда болгон окуя боюнча мындай пикирде:

- Эки тараптык кландар бардык карапайым калкка белгилүү. Ошол кландарды ээрчип барган балдар мени өкүндүрөт. Ал эми мамлекет тарабынан атайын кызматтар бар, алар кимдер, куралы канча, ал кызматтарга баары белгилүү. Бирок ал мамлекеттик кызматкерлер конкреттүү күрөшө албайт, коркот, мына ошон үчүн аларды тыя албайт.

Шаардын “Алай” мейманканасынын айланасындагы үйлөрдө жашашкан адамдардын көпчүлүгү кийинки убакта түзүлгөн кырдаал боюнча тынчсызданууларын билдиришүүдө:

- Шаарда жашашка болбой калды, коркуп балдарды айылга кетирип жибергенбиз. Күнүмдүк соода менен тирилигибиз өтөт эле, азыр базарга да чыга албай калдык. Көчөгө чыгыштан коркуп атабыз.

- Тынчтык заманда ок атуу дегенди биз өтө катуу кабыл алдык. Дагы бир жаман нерселерге кабылып калабызбы деп коркуп отурабыз.

Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын жергиликтүү өкүлү Руслан Ташанов коопсуздукту камсыз кылуудагы тартип коргоо органдарынын абалын мындайча мүнөздөдү:

- Учурдагы Ош шаарындагы кырдаал укук коргоо органдары мыйзамда, уставдарда көрсөтүлгөн укук ыйгарымдарын аткарбастан, алар кандайдыр бир саясий күчтөрдүн кызыкчылыгын эске алуу менен иш жүргүзгөндүгүн көрсөтүп турат.

Түшкү саат үчтөрдөн өтүп Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетектөөчү курамынын жашыруун кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге төрагалык кылган ички иштер министрлигинин өкүлү Осмоналы Гронов “Алай” мейманканасын тинтүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.
XS
SM
MD
LG