Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

У.Барктабасовдун жактоочулары нааразылык акциясына чыгууга даярданууда


ТАЛАС. “Мекеним Кыргызстан” деп аталган кыймылдын Таластагы жактоочулары Урмат Барктабасовду президенттикке талапкер кылып каттабоону саясий тапшырма деп эсептешүүдө. Нааразылык акциясына чыгуу алдында алар Урмат Барктабасов Казак Республикасынын жараны эместигин тастыктаган документтерди топтошкон. Алардын бири Астана шаарынынын миграциялык полиция башкармалыгынын башчысынын орунбасары Колесиченконун берген тастыктамасы. Астанадан Таласка 13-июнь күнү жөнөтүлгөн бул документте Барктабасов Казакстандын жараны эмес деп ырасталат. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, Барктабасовду жактоочулардын тынчтык мүнөздөгү нааразылык акциясын өткөрүү жөнүндөгү арызы түшкөн эмес.

XS
SM
MD
LG