Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Социалдык коргоо жана эмгек министрлигинде мыйзамсыз иштер болгонбу?


БИШКЕК. Өлкөнүн социалдык коргоо жана эмгек министрлигиндеги соңку жылдары орун алган мыйзамсыз иштерге байланыштуу документтер Башкы прокуратурага өткөрүлө баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Министриликти убактылуу жетектеп турган Алевтина Проненконун «МСН» гезитине берген интервьюсунда буга чейин Социалдык фонддон 18 млн сом президенттин администрациясына мыйзамсыз которулгандыгы, Сокулуктагы иштебей турган интернат үйүнүн эсебинен 13 млн. сомдон ашуун каражат жең ичинен жок кылынгандыгы, министрликке кадрлар тууганчылык, тааныштык жолдор менен кабыл алынып келгендиги, министрдин кызмат машинеси калкты кызматка жайгаштыруу фондунун эсебинен алынгандыгы тууралуу айткан.

Ал эми социалдык коргоо жана эмгек министрлигинин мурдагы жетекчиси Роза Акназарова 15-июнда «Азаттыктын» кабарчысына Алевтина Проненконун маалыматтары негизсиз деп билдирди. Анын айтымында, Социалдык фонддон 18 млн. сом президенттин адмнистрациясына премьер-министрдин токтому менен которулган, ал эми интернат үйүнө байланыштуу иш боюнча буга чейин эле соттук териштирүүлөр башталган, министрликке кадрлар конкурстун негизинде алынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG