Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Өзбек бозгундары президент Ислам Каримовго ачык кат жолдошту


ЖАЛАЛАБАТ. 14-майдан бери Кыргызстандын аймагында убактылуу баш калкалап турган анжиандык бозгундар ачык катында өзбекстандык бардык жарандарды президент Ислам Каримовдун кыздары Гүлнара жана Лола сыяктуу тең саноого чакырды. Анжианда 13-майда өкмөттүк аскерлердин колунан ажал тапкан адамдардын сөөгүн бир жерден экинчи жерге жашыруун көмбөстөн, тууган-уруктарына берүүнү өтүнүштү. Өзбекстандагы маалымат каражаттарында качкындарга карата айтылган пикирлерди жалган жалаа деп аташып, Анжиандагы митингге Чеченстандын же «ал-Кайида» уюумунун, дүйнөдөгү №1-террорист деп аталган Усама Бен Ладендин таасири болбогондугун белгилөө менен, нааразылыкка чыккандарды «террорист», «экстремист» деп атагандарга кошулбай тургандыктарын билдиришти. Бозгундар лагеринен Өзбекстанга кайра барган адамдарга зомбулук көрсөтпөстөн, чыныгы кылмышкерлерди камоону сунуш кылышты.

Бозгундар Кыргызстандын миграция кызматынан 11-сентябрга чейин болууга уруксат берген күбөлүк алышкан.

XS
SM
MD
LG