Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Курманбек Бакиев Жалалабатта


ЖАЛАЛАБАТ. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев 15-июнда Жалалабат облусунда иш-сапары менен болду. Ал 11-июндагы селден жабыр тарткан Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунун айыл-кыштактарынын бүгүнкү абалы менен таанышып, үйү жашоого жараксыз болгон атуулдарга узак мөөнөттүү ссуда берилээрин билдирди. Эл менен жолугушуусунда 2-3 жылдын ичинде өлкөдө калк жакшы жашоонун жышаанын сезишээрин жана жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечиле турган маселелер арбын экендигин белгилеп, коррупция менен күрөшүүгө бүткүл элди чакырды. Жакырчылык 80 пайыз болгон тоолуу райондорго ишканаларды куруу менен инвестициялардын тартуунун зарылдыгына токтолду. К. Бакиев ошону менен бирге паспорт маселеси чечилээри жана пенсияга чыгуу жашын төмөндөтүү талабы өкмөттө каралаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG