Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

Иракта жанкечтилердин чабуулунан дагы 31 адамдын өмүрү кыйылды


Багдаддын чыгышында унаачан жанкечти полициянын күзөттө жүргөн жүргөн эки автомобилин келип сүздүргөндө, полициянын сегиз кызматкери курман болду. Бул тууралуу маалымат агенттиктери Ирактын полициясына жана коопсуздук күчтөрүнө шилтеп маалымдады.

Бүгүн түштөн мурда Ирактык аскерлердин Калестеги базасында белине жардыргыч кемер тагып алган жанкечти өзүн жардырып жибергенде, кеминде 23 киши мерт болгон эле. Жарадар болгондордун саны 30га жетет . Өлгөндөрдүн көбү жоокерлер. Калес башкалаа Багаддан 60 чакырым түндүктөгү шаарча.

Австралиялык Дуглас Вуд ирактык барымтачылардын туткунунан бошотулду. 63 жаштагы Вуд Ирак аскерлери өткөргөн операция учурунда бошотулганын Австралиянын премьер-министри Жон Ховард маалымдады.

Иракта жалданып иштеп жүргөн Дуглас Вудду козголоңчулар эки ай мурда уурдап кетишкен болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG