Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Өзбекстан журналисттерге жасаган мамилеси үчүн ЕККУнун сынына кабылды


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму-ЕККУ өзбек бийликтерин Анжиян окуясын чагылдырган журналисттерди коркутуп-опузалоосу үчүн сындады. ЕККУнун маалымат каражаттары боюнча жооптуу өкүлү Миклош Харасзти Венада жарыялаган билдирүүдө өзбек бийликтери Анжиянга өткөрбөй түрдүү мөөнөткө камап койгон россиялык жана батыштык журналисттердин ысымы аталат жана интернет-вебсайттан Анжиян калабасы жөнүндөгү маалыматтарды окууга бөгөт коюлганы сындалат.

Ырасмий бийликтердин ырасташынча, Анжияндагы булоондо 173 киши набыт болгон. Бирок укук коргоочулар 1000дей адамдын каны төгүлгөнүн айтышат.

XS
SM
MD
LG