Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Казакстан АКШнын экономикалык кызыкчылыгын коргойт


Мындай билдирүүнү Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев Алматыда бүгүн ачылган эл аралык жыйында жасады. Өлкө экономикасына салынган чет элдик инвестициянын 50 процентин АКШ камсыздагандыктан, ырасмий Астана Кошмо Штаттардын экономикалык кызыкчылыгын мыйзамый “жана башка жолдор” менен коргойт деп түшүндүрдү Токаев. Ал ошондой эле Казакстан жакында кризисти баштан кечирген Кыргызстан менен Өзбекстанга ар кандай жардам берүүгө, Ооганстандын экономикасын инвестициялоого даяр турганын билдирди:

- Биз бул өлкөлөрдөгү (Кыргызстан жана Өзбекстан) кырдаалга кылдат көз салып да, байкап да турабыз. Биз алардын калкына өлкөдө стабилдүүлүк жана жыргалчылык болушун каалайбыз. Бул өлкөлөр бардык кыйынчылыктарды жөндөп кетээрине биз ишенебиз.

Америкалык аткатуу миллиардер-филантроп Жорж Сорос Алматыдагы бизнес жыйында сүйлөп, Анжиян калабасына мындай баа берди:


- Өзбекстандын Анжиян шаарында болгон кызыл кыргын зулумдук кайда алып барышы мүмкүн экенин ачык даңазалады. Непада Казакстан даңгыр жолдон чыгып кетсе, чоң кыйракан болот.

XS
SM
MD
LG