Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Иранда ушул аптада өтүүчү президенттик шайлоого Батыш өлкөлөрү кылдат байкоо салууда. Мунун бир жүйөөсү мамлекет башчысынын кызматы үчүн атаандашып жаткан талапкерлердин турумдары бири экинчисинен кескин айрымалангандыгы. Шайлоонун натыйжасында алдыдагы төрт жылда Ирандын тышкы саясатында да өзгөрүү болушу мүмкүн деп болжолдоого болот. Анткен менен талапкерлердин кимиси жеңип чыккан күндө да Ирандын диний башкаруу чөйрөсү киргизген чектөөлөрдүн алкагында иштөөгө мажбур.

Иранда мамлекет башчысынын кызматына сегиз талапкер атаандашууда. Алардын бешөөсү консерватор, үчөөсү реформачыл саясатчы деп эсептелет. Талапкерлердин ичинен шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогорусу катары, президенттик кызматта буга чейин 1989-97-жылдары иштеген Али Акбар Хашеми Рафсанджани каралууда. Жаш курагы жетимишке келип калган бул кексе саясатчы шайлоо өнөктүгү учурунда өзүн сегиз талапкердин ичинен берген убадаларын сактай ала турган жалгызы ирээтинде көргөзүүгө аракеттенди. Ал Иранды глобалдык экономикага интеграциялоону көздөөрүн айтууда.

Рафсанджани ошондой эле өткөн айда мунун ичине АКШ менен сүйлөшүү баштоо да камтылышы мүмкүн экенин ишара кылды:

- Биз АКШ дүйнөнүн эң ири державасы экенин жээрий албайбыз. Иш жүзүндө бул ири держава менен авантюризмден алыс, даанышмандык менен иш кылышыбыз керек. Биз АКШ Жакынкы Чыгыштагы авантюризм анын кызыкчылыгына ылайык келбесин түшүнгүдөй кылуубуз абзел.

Бирок Рафсанджани Ирандын тышкы саясатындагы эң талылуу маселе, көп карама-каршылыкты туудурган өзөктүк программасына байланышкан талашты кантип чечээрин маалымдаган жок.

Кеннет Катзмен - тышкы саясат маселесине адистешкен америкалык эксперт. Ал эгер Рафсанджани президенттик кызматка келсе тышкы саясаттын маселелеринде прагматикалык кадамдарга барууну көздөгөндөй түр көргөзүп жатканын айтат. Бирок адистин пикиринде, Рафсанджани Ирандын диний башкаруу чөйрөсүнүн жогору даражалуу өкүлү экенин эске алганда, анын азыркы саясатты түп тамырынан берүү өзгөртүүгө жөндөмдүүлүгүнөн күмөн санайт:

- Ал өзүн прагматик катары рекламалап жатышынын жүйөөсү ушунда. Мен азыр деле ал АКШга олку-солкулук жана шектенүү менен караган саясий чөйрөнүн таасиринде деп ойлойм. Ал өзү да Ирандын массалык кыргын салуучу куралдар программасы өлкө мындан ары басмырланбоосунун жана толук коопсуз экендигинин кепили деген ишенимде.

Айтор эмнеси болсо да балким Батыш өлкөлөрү Ирандын президенттигине талапкерлер ичинен башкаларга караганда таанымал Рафсанджани менен иштешүүгө артыкчылык берет. Британиялык эксперт Бен Фолкс мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрөт:

- Европалык өкмөттөр кимге артыкчылык берерин ачык билдирбегени анык, бирок менимче алар Рафсанджанини жактырары да белгилүү. Себеби ал өзөктүк программа боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алууга, компромисске барууга жөндөмдүү адамдай. Рафсанджанини таасири жагынан Ирандын диний көсөмү Аятолла Али Хаманейиден кийинки эле экинчи адам катары кароого болот жана мындай нерсени ал гана жасай алат.

Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө, Рафсанджанинин өзү да өзөктүк программа жана башка маселелерде диний көсөмүбүзгө жакынмын деген жери бар.

Ал эми реформачыл талапкерлердин арасынан эң ирдүүсү катары жогорку билим берүү боюнча мурдагы министр, 54 жаштагы Мостафа Моин эсептелүүдө. Шайлоо алдындагы платформасына караганда, ал экономиканы либералдаштырууну, Вашингтон менен тирешти басаңдатууну, кеңири интеллектуалдык эркиндикти, маданий көп түрдүүлүктү жактайт. Мостафа Моин ошондой эле эгер Ирандын улуттук кызыкчылыгына төп келсе, өзөктүк курал жасоодо колдонулуучу зат- уранды байытуу программасынан белгилүү бир мөөнөткө баш тартууга даяр экенин да айткан. Моиндин мындай туруму, албетте Батыш тарабынан кубаттоого арзышы керек. Бирок кээ бир аналитиктер бул Батыш Мостафа Моинди жана башка реформачыл талапкерлерди жаңы өнөктөш катары тандоосу үчүн жетиштүү эмес экенин айтышат.

Британиялык эксперт Бен Фолкс, маселен, рефорамчыл талапкерлердин аракети азыркы президент, реформачыл катары эсептелген Мохаммад Хатамининин кызматтагы эки мөөнөтүнүн аралыгында, парламент менен аткаруу бийлигинде реформачыл үстөмдүк кылган учур болгонуна карабай, өз демилгелерин ишке ашырууга жөндөмсүздүгүнүн көлөкөсүндө калганын айтат.

Ал эми Ирандын коңшулары үчүн шайлоо эки тараптуу алкада көп деле өзгөрүү алып келбеши мүмкүн. Тегерандык саясий аналитик Давуд Хермидас Баванд белгилегендей, Иран Ооганстанда Талибан режими кулатылышын, Иракта өткөөл өкмөттүн түзүлүүсүн колдогон жана бул саясат жума күнкү шайлоонун жыйынтыгына карабай уланат. Анткен менен шайлоодон кийин АКШ менен сүйлөшүүнүн жолдорун издөө жана чөлкөмдүк маселелерди аны менен түз талкуулоо аракеттери орун алышы ыктымал:

-Талапкерлердин айрымдары, атап айтканда Рафсанджани жана Моин мырзалар эгер алар шайланса, тышкы саясаттагы башкы максаты АКШ менен кандайдыр бир конструктивдүү сүйлөшүүнү да камтырын ишара кылышты. Ооганстан менен Ирак маселесинде бул өлкөлөр Иран коңшу мамлекет катары тынч мүнөздөгү саясий жараяндар менен өзгөрүүлөргө жардам бергидей жолдо деп сезишет.

Ошентип, Ирандагы шайлоого аз эле убакыт калды. Жума күнкү добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыкитары ишембиден тарта белгилүү боло баштамакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG