Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

ДЕПУТАТТЫН ЧАК ТҮШТӨГҮ ӨЛҮМҮ, ЖЕР ТАЛАШ, ЫҢКЫЛАП УЛАНЫП ЖАТАТ


Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмү, Каракече көмүр кениндеги капсалаң, жер талаш чуусу маалымат каражаттарынын негизги темасы болду .“Кыргыз улуттук илимдер академиясы керекпи же керек эмеспи” деген суроо коюлуп, окумуштуу академиктердин пикир-сунуштары 14-июнда жарык көргөн “Агым” гезитинде чагылдырылды.

15-июнда жарык көргөн “Республика” гезитинде саясый баяндамачы Алымбек Биялиновдун “Ыңкылаптын башаты бар, бирок анын аягы жок” деген макаласы жарыяланды. Анда өлкөдөгү ыңкылаптын башаты, келип чыгуу себептери жана максаттары тууралуу баяндалат. “Бир сөз менен айтканда Кыргызстанда ишке ашкан ыңкылаптын башкы максаттары аткарылган жок. Аскар Акаев учурунда түзүлгөн система түп-тамырынан бери өзгөргөн жок. Тамыры да кыркылбады. Коомдук-саясый жана экономикалык мамилелер мурдакыдай кала берип, эч нерсе чечилген жок. Ошондуктан Кыргызстандагы март айында болгон ыңкылап улантылып жатат» деп жазат «Республика» гезитинин саясый баяндамачы Алымбек Биялинов .

15-июнда жарык көргөн “МСН” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүнө арналган парламенттин жыйыны тууралуу баяндады. Жыйында Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев бул окуяга байланыштуу шектүү делген 3 адам кармалып, сурак берип жатканын, дагы шектүү 3 жигит издөөгө алынганын, окуяны саясатка байланыштырууга эч себеп жок деген оюн айткан. Оперативдүү тергөө кызматы учурда ишти кылмыштуу иштерге жана мүлк талашка байланышкан эки божомолдун айланасында иликтеп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Азамат» жана «Кудайберген» автобазарларынын ээси Жыргалбек Сурабалдиевди ким өлтүргөндүгү өткөн үч күн аралыгында аныкталган жок. Депутатты өлтүргөн адамдардын ак «Мерседесинин» күйүп кеткен калдыгын милиция кызматкерлери ошол эле күнү Ысыката районунан табышкан. Ал эми аны пайдаланган адамдар жарым саат ичинде Кыргызстандан чыгып кетишкен. Бул аралыкта кылмышкерлерди кармап калууга күч кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрү жетпей калганын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов милиция кызматынын материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүүлүгү менен түшүндүрдү,- деп жазат 15- июндагы «МСН» гезити.

Жогорку кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнүн себептери тууралуу коомчулуктун өкүлдөрүнүн пикир- божомолдорун 15- июндагы «Мырза айым» гезити да жарыялады.

16-июнда басууга даярдалып жаткан “Аалам” гезитинде өлкөдөгү белгилүү 9 саясатчы тууралуу “Тогуз коргоол” аттуу баяндама жарыяланганы турат.

Ушул гезитке өлкөнүн президентинин алдындагы адам укуктарын коргоо комитетинин төрагасы Турсунбек Акун менен кабарчы Анара Суракматованын маеги жарык көргөнү жатат. “Мурда элди пикет, митингге айтып да чыгара алчу эмеспиз. Эми кайра токтото албай, баягы өрт коюп жиберүү оңой, аны өчүрүү кыйын” дегендей болуп жатат. Бирок пикетке чыккан адамды жаман көрүүгө болбойт. Алар жөндөн жөн эле чыгып жаткан жок. Жерди жөн эле басып алышпайт, Жогорку сотту бекеринен курчабайт. Демек, ал жерде акыйкатсыздык бар. Негизги нерсе алар койгон маселелерди туура, адилет чечип берүү керек. Азыркы учурда эл мурункудай эмес, өз укугун коргоону үйрөнүп калышты” дейт белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун.

Ушул гезитте дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу редактордун орун басары Аида Надырбекова мындайча айтып берди:

- Сессия жаңылыктары, “Аксылык алты баланын арбагы элди ыңкылапта сактап калды” деген макалада Кочкор аймагындагы шайлоонун экинчи турун да мыйзам чегинде өткөрүүгө чакырган пикирлер айтылган. Ысыкатадагы “мээрмчилердин” ысык фактылары деген сын материалга орун берилүүдө. Жогорку кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмү саясый заказ экенин айткан анын кызы Элвира Сурабалдиеванын маеги жарыяланууда .

“Zaman Кыргызстандын” 17-июнда чыга турган саны дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларды берүү менен бирге эле өлкөнүн саясий-социалдык жана маданий турмушун чагылдырган маалыматтарды басууда. Өткөн апта соңунда киши колдуу болгон депутат Жыргалбек Сурабалдиев, Ош шаарындагы «Алай» мейманканасындагы, Карасуудагы базардын тегегериндеги болгон каршылашуулар туурасындагы материалдарга орун берүүдө. Андан сырткары газета бирдиктүү пикирге келе албай, эки тарап болуп жаткан Кыргызкино ишмерлеринин нааразычылыктары менен пикирлерине орун берген. Ал эми Илим Жанузаковдун «Жерге тийбей, эрге тий!» деген макаласында Бишкек шаарынан жер алып берем деп үйгө муктаждарды сызга отуругузуп кетип жаткан кыз- келиндердин жоруктары туурасында баяндалат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG