Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

ПАРЛАМЕНТ КАРАКЕЧЕДЕГИ АБАЛДЫ ТАЛКУУЛАДЫ


16-июнда Жогорку Кеңеш Каракече көмүр кениндеги кырдаалды талкуулады. Ал боюнча биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов баш болгон күч структураларынын жетекчилери маалымат берди. Депутаттар Каракече, Карасуу базарындагы кырдаалды жана жалпы эле эле өлкөдөгү абалды 21-июнда талкуулоону улантуу тууралуу чечимге келди.

Депутаттардын бул ирет парламентке биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Токон Мамытовду чакыруусуна 15-июнда Каракече көмүр кенинде болгон окуя себеп болгон. Окуя тууралуу ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов депутаттарга маалымат берди. Анын айтымында, 15-июнда Каракечедеги абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов башында турган мамлекеттик комиссия Каракече көмүр кенине барып, кенди басып алган «Жоомарт» кыймылынын өкүлдөрү, анын лидери Нурлан Мотуев менен жолугушуп, сүйлөшүүгө аракет жасаган.

Барбаганы оң болору ички иштер министрлиги тарабынан эскертилгенине карабай “Беш сары” кенинин кожоюну, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев да Каракечеге барган. Жолдошбаевди көргөн «Жоомарт» кыймылынын өкүлдөрү аны таш менен ура баштаганда, Жолдошбаевдин тарапкерлери асманга ок атып, ал жерден кетүүгө аргасыз болот. Бирок адамдар анын жолун тосуп, автоунаасын тинтип, үч мылтык, канжар, кылыч таап, милицияга өткөрүп беришет.

Жолдошбаев өзү 16-июнда парламентке келип, Карачедеги басып алууну жергиликтүү бийлик уюштурду деген пикирин билдирди:

- Мунун башында ошол жердеги райондун акими, анын достору турат. Ошол эле жерде райондук милиция башчысы, улуттук коопсуздук кызматынын балдары жүрөт. Бирок алардан эч кандай жардам жок.

Андан кийин депутаттар биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловго сөз беришти:

- Бул маселе боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Ал өз маалыматын берет. Менин оюмча, биз өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча чара көрүүбүз керек. Биздин тартип коргоо органдары азырга чейин өзүнө келе элек. Ошондуктан сиздердин колдооңуздар, токтомуңуздар керек. Биз Курманбек Салиевич экөөбүз кеңешип туруп, кандай чара көрүүнү чечебиз.

Депутат Темир Сариев Карасуу базарындагы, Каракече көмүр кениндеги иштер атайын уюштурулган иштерби, анын артында жогорку бийлик өкүлдөрү турабы деген суроо койду. Ага Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Токон Мамытов минтип жооп берди:

- Бул иштерге жогорку бийликтеги күчтөрдүн, адамдардын тиешеси бар экендиги жөнүндө бизде маалымат жок. Каракечедеги окуяны Нурлан Мотуев жетектеген «Жоомарт» кыймылы уюштурганы белгилүү. Ал эми Карасуудагы да ушундай эле.

Феликс Кулов да ар бир окуянын артында өз уюштуруучусу бар экенин, аларды бириктирген, координациялаган күч жок экенин белгиледи. Ал ошондой эле өкмөт менчик укугун сактай тургандыгын, азыркы шартта кандайдыр бир туура эмес кадам коомчулукта жарылууну пайда кылаарын эскертти.

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Муратбек Суталинов Каракече кениндеги окуя боюнча материал топтолуп жаткандыгын жана ал жетиштүү болсо кылмыш иши козголоорун билдирди.

Депутаттар өлкөдөгү абал жана аны турукташтыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүп, 21-июнда парламентке маалымат берүүгө өкмөттү милдеттендирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG