Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

ТАЙГАНДЫН ТУКУМУ ҮЗҮЛҮП БАРАТАТ


Кабыл Макешoв, Бишкек Kыргыздар тайганчылык өнөрдү байыртан барктап, муундан муунга мурастап, табын билип келген. Учурда кыргыздын таза кандуу тайганынын тукуму азайып, бул өнөр колго алынбай баратат.

Жалпысынан дүйнөдө тайгандын белгилүү болгон 16 түрү бар дешет адистер. Тайган - тазы, орус тайганы, польшалык хорты, англиялык грейгаунд, ирландиялык бөрү басар, фараон тайганы аталган фенель талибь кебек, ооган тайганы жана башка түрлөрү адистердин көңүлүн буруп келет.

Тайганчылыкты 17 жылдан бери адистик кылып алып, санжырасынан баштап, түп- теги, узун- туурасы, салмагы, тукумуна чейин иликтеген биринчи категориядагы тайганчы Алмаз Курманкулов кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары тууралуу айтып берди:

- Кыргыз тайганынын 67 ченеми бар. Учурда дүйнө жүзүндө таза кандуу асыл тукум кыргыз тайганынын 120сы гана катталган. Анын ичинде Кыргыз жергесинде 60ка жакыны гана калган. Эстонияда- 24, Финляндияда -3, Орусияда 20дай таза кандуу кыргыз тайгандары багылып, кармалып турат. Ал эми 1500дөй тайган кыргыз тайганы менен каны аралашып, аргындашкан түрү катары катталган. Кыргыз тайганынын тукумун сактап калуу зарыл. Себеби, биздин тайгандар тоо- ташта, түздө, токойдо болобу ылдамдыгы, чапчаңдыгы, шамдагайлыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы, кайраттулугу, көк жал жүрөктүүлүгү менен кескин айырмаланып келген. Башка түрдөгү тайгандар бир жолу аңчылыкка чыгып келгенден кийин жүрбөй чарчап калат. Ал эми кыргыз тайганы күн сайын табында болуп, 7-8 күн удаасы менен чаалыкпай ууга чыга берет. Кыргыз тайганы карышкырга тайманбай каршы туруп, алып тынат. Анан дагы бир өзгөчөлүгү кыргыздын тайганы гана из кууп, жыт искеп, аң уулайт. Башка тайгандар из куубайт.

Чынында тайганга кызыккандар саналуу гана. 5 жылдан бери үйүндө тайган кармап, аңчылык кылган Кубанычбек Исмаилов “Кыргызстан - тайгандын мекени” экенин ырастап, таза кандуу тайгандарды чет өлкөлүктөр сатып алып кетип жатканын өкүнүү менен билдирди:

- Кыргызстандагы тайгандарга чет элдиктер абдан кызыгып, сатып кетишүүдө. Жакшы мергенчилерде тайгандар бар. Чет өлкөлөрдөгү жарыштарда кыргыз тайганы бир нече ирет дүйнөлүк рекорд койгон. Ал эми бизде тайганды баалап, барктайбай жүрөбүз.

Тайганды күчүк кезинен кандай таптап, багып чоңойтуу тууралуу адис Алмаз Курманкулов кеңешин айтып, анын күчүгүнүн баасын белгиледи:

- Тайганды күчүк кезинен урбай, жалтаң кылбай тарбиялаш керек. Тайган өзү эрке жаныбар. Өтө сылап-сыйпап эркелетсең мышыктай кылжың болуп калат. Уруп, кагып- силкип койсоң жалтаң болот. Ошондуктан балаңды кандай тарбияласаң ошондой мамиле кылып, бекем, кайраттуу кылып тарбиялоо керек. Жугунду берип баксаң, кийин жугунду алып келет, эт менен баксаң элик-теке алат. Бир тайгандын күчүгү бир жылкынын кунуна барабар.

Таза кандуу кыргыз тайганын сырт- келбетин, өңү-түсүн, тулку-боюн адис Кубанычбек Исмаилов мындайча сүрөттөдү:

-Тайгандын өңү ар кандай болот. Кыргызда кара тайгандар арбын болгон. Куу, көк, күрөң түстөгү тайгандар да кезигет. Бою деле өтө бийик болгону деле болбойт. Таза кандуу тайгандын бою 70-80 сантиметрге барабар. Кулактары узун, шалпайып турат. Кулактарын жүнү каптап, буттарында, каптал жагында жүнү болгон тайгандар да кездешет.

Кыргыз тайганынын тукумун сактап, мергендерге таратууну көздөп, атайын питомник ачууну көздөгөн демилгени колдоого алуунун зарылдыгын адистер айтып, колдоочуларды күтүп, тайганчылардын ассоциациясын түзүп жатышат.
XS
SM
MD
LG