Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

БУУ АНЖИЯНДАГЫ КАРГАШАНЫН АНЫГЫНА ЧЫГА АЛАБЫ?


Шаршембиден бери Кыргызстандын аймагында Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча Башкы комиссарынын 5 өкүлү жүрөт. Алардын максаты - Өзбекстандын Анжиян облусунда өткөн айда болгон кандуу окуя жөнүндө толук маалымат алуу.

Бириккен Улуттар уюмунун Женевадан келген өкүлдөрү Анжияндагы кыргынды Өзбекстандын өзүнө барып иликтемек. Ага өзбек бийлиги уруксат бербей койгондон кийин алар Кыргызстанга качып келген 500гө чукул бозгун менен жолугуп, окуя тууралуу алардын өз ооздорунан маалымат чогултуу чечимине келишкен. БУУнун өкүлдөрү бозгундардан уккандарын чогултуп, отчет түзүп аны БУУнун адам укуктары боюнча комитетине берип, анан бүткүл дүйнөгө жарыя кылуу максатын көздөп жатат.

Кыргызстандагы саясатчылардын көбү эл аралык башкы уюмдун мындай аракетин колдоп жатышат. Бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун айтымында, качкындардын маалыматы бүткүл региондогу мамлекеттердин жетекчилерин сестентүүгө мажбур кылат. Анткени, алар качып келбегенде Анжияндагы кыргын жабылуу аяк бойдон калып, өз элине карай ок аткан бийлик жазыксыз калмак:

- Качкындар качып келбегенде Анжиянда эмне болгондугун дүйнө коомчулугу билмек эмес. Ушул окуяга түздөн-түз күбө болгон, жүздөгөн адамдарды кырып жатканда ошолордун арасынан качып келген адамдардын маалыматы абдан маанилүү далил. Алардын баары бир окуяны көргөндөн кийин бирдей маалымат берип, айтып жатышат. Ошон үчүн чындыкка жетсе болот жана алар азыр гана эмес келечек үчүн да абдан маанилүү. Анткени, 10, 20 жылдан кийин да, эртеби-кечпи Өзбекстандын азыркы бийлигин жоопкерчиликке тартууга негиз болот. Маалыматтар ошон үчүн керек!

Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев болсо БУУ жыйнаган маалымат Өзбекстандын президентинин мизин кайтартууга жакшы далил болуп берет деген бекем ишенимде. Анын айтымында, буга Түркмөн президентинин дымагын басууга Евробиримдик менен ЕККУнун санкция жарыялайбыз деген билдирүүлөрү берген таасир жакшы далил. Андан тышкары БУУ качкындардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аларды үчүнчү мамлекетке өткөрүп кетүү чарасын көрүү жагдайын кошо иликтөөсү абзел деген ойдо:

- Менимче, тез эле болбосо да эл аралык коомчулук Өзбекстанды бара-бара экономикалык санкцияга алып барышы мүмкүн. Мына, Түркмөнстан ошондой абалга келип калганда президенти багытынан таюуга мажбур болгон. Анан эң башкы маселе мында - биздин бийлик качкындардын укугун коргоого канчалык аракет кылбасын алардын коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жетпейт. Анткени, өкмөт жаңы жана экономикалык жактан да кыйын кырдаалда турат. Ошон үчүн эл аралык уюмдар качкындарды үчүнчү өлкөгө өткөрүп кетүүгө көмөк көрсөтүүсү зарыл.

Анткен менен БУУнун миссиясынын өз максатына жетээринен күмөн санагандар да жок эмес. Маселен, «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев маалымат жыйналган менен ал Өзбекстандын бийлигин адам укугун коргоого мажбур кыла албайт деген ойдо. Анын айтымында, буга эл аралык уюмдардын өнүгүүдөгү мамлекеттерге карата кош стандарттуу мамилеси өбөлгө түзөт:

- Эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар уюму да бир нече каттан турган адептүүлүктү көрсөтүп жатат. Мына ошол стандарттан арылмайынча, принципиалдуу бир гана стандарт калмайынча ушундай мамиле улана берет. Ага Бириккен Улуттар уюму өзү да күнөөлүү, себеби, ушул уюм Кыргызстанда Акаевдин бийлигинин огуна учкандарды ушул күнгө чейин эмне үчүн иликтебей келет? Ошондуктан Өзбекстан болобу, Кыргызстан болобу же дүйнөдөгү башка мамлекет болобу адам укуктарын көз көрүнө, чак түштө тепсеп, атып жаткандарга каршы заматта топтолуп, Коопсуздук Кеңештин жыйынын өткөрүп, ал түгүл Башкы Ассамблеясынын жыйынын чукул чакырып, ошондой окуя болгон өлкөнү жазалаш керек да! Эгер Өзбекстанга карата саясий, айрыкча экономикалык санкция тезинен колдонгондо ал эл аралык иликтөө жүргүзүүгө макул болмок.

Ал эми Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев өкмөттөр аралык уюм болгон БУУнун Өзбекстанга карата тезинен санкция жарыялашы мүмкүн эмес экендигин билдирип, ага уюмдагы коллегиялуу чечим кабыл алуу жана өтө катуу өнүккөн бюрократия жол бербесин белгиледи.

БУУнун өкүлдөрү болсо 16-июнда өзбек качкындарынын Сузак районундагы жайына барып, алар менен пикир алышууну баштады.

XS
SM
MD
LG