Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:21

AКШнын КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТОЛУК ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ СТИВЕН ЯНГ: “ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТТИН АЛДЫНДА ЧОҢ СЫНООЛОР ТУРАТ”


16-июнда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг «Азаттык Медиа» үналгысынын директору Кубат Оторбаевге, «АКИпресстин» кабарчысы Венера Джаманкуловага жана «Вечерний Бишкек» гезитинин кабарчысы Данияр Каримовго интервью берди. Стивен Янг мырзанын айтымында, Кыргызстан өзүнүн жана Борбор Азиянын тарыхында биринчи жолу таза жана калыс президенттик шайлоо өткөрүү алдында турат. Өз маегинде элчи мырза өзбекстандык 4 бозгунды өткөрүп берүү менен Кыргыз өкмөтү ката кетиргенин белгиледи. Стивен Янг мырзанын айтымында, өзбекстандык 450 бозгун Кыргызстанда биротоло калышпайт.

Элчи алгач чакан билдирүү жасады. Ал алдыдагы президенттик шайлоого жана өзбек бозгундарына байланыштуу болду:

- Шайлоого байланыштуу айтсам. Мен шайлоонун 10-июлда өтүп жатканына жана ачык, күрдөөлдүү шайлоо кампаниясы башталып жатканына ыраазы болуп турам. Мен да, менин өкмөтүм дагы эч бир талапкерге жан тарткан жокпуз, мындан ары да жан тартпайбыз. Биз баардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлсүн, шайлоо эркин, калыс, таза өтсүн деп – ошого умтулуп жатабыз. Бул маселеге байланыштуу Кыргызстандын аттуу-баштуу саясатчылары менен пикир алмаштым. Бул шайлоо – Кыргызстандын Борбор Азиядагы алдыңкы ролун жана демократиялык коом түзүүгө болгон умтулуусун дагы бир ирет баса көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берди. Жыйынтыктап айтканда, ушул тапта Кыргызстандын алдында Борбор Азиянын тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй эркин жана таза шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү турат. Кошмо Штаттарынын өкмөтү жана элчилиги Кыргызстандын өкмөтү менен бирге 10-июлдагы шайлоону таза жана эркин өткөрүүгө баардык шарттарды түзүүгө даяр. Биз институтционалдык өзгөрүүлөрдү колдоо багытында каралган 4 миллион доллардын алкагында шайлоолорду таза өткөрүүгө 2,7 млн. доллар бөлдүк.

Андан соң Стивен Янг мырза ушул тапта Жалалабат облусунун аймагында туруп жаткан өзбекстандык бозгундарга байланыштуу билдирүү жасады:

- Бозгундар проблемасы тууралуу айтсак, бул проблемага Кыргызстан 13-14-майда капысынан туш болуп, ошондон бери аны чечүүгө аракет жасап келатат. Кыргызстан бозгундарга байланыштуу өзүнө алган милдеттемелерин сакташы керектигин жана Бириккен Улуттар уюмунун Бозгундар боюнча башкармалыгы менен тыгыз иштешиши зарыл экендигин АКШнын өкмөтү бир нече ирет белгилеген. Мен эки эң оор маселеге кайрылгым келет. Биринчиден, Кыргызстан эч качан БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгы менен ар бир адамдын тагдыры качкын катары каралганга чейин аларды Өзбекстанга өткөрүп бербеши керек. Биз өткөн аптада Кыргыз өкмөтү өзбекстандык төрт бозгунды БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгына кулакдар кылбай туруп Өзбестанга өткөрүп бергенине өзүбүздүн өкүнүчүбүздү билдирдик. Кыргыз өкмөтүнүн бийик даражалуу өкүлдөрү бул ката болгонун жана андай ката мындан ары кайталанбай тургандыгына ишендиришти. Балким жергиликтүү калк арасында бозгундар боюнча туура эмес түшүнүк бардыр – бозгундар проблемасы Кыргызстандын эле эмес, жалпы дүйнө коомчулугунун проблемасы. Азыркы тапта АКШнын өкмөтү жана дүйнө коомчулугу ал жердеги 450дөй бозгунга шарт түзүү үчүн баардык аракетин жасап жатат. Кошмо Штаттарынын өкмөтү лагердеги бозгундардын тамак-ашына, суусуна деп 50 миң доллар акча бөлдү. Ошондой эле Бириккен Улуттар уюму, Кызыл чырым уюму баштаган эларалык уюмдар дагы аларга жардам көрсөтүп атышат. Тийиштүү иштер жасалып, алардын айрымдарына качкын макамы берилгенден кийин, ал адамдар башка чет мамлекетке жөнөтүлөт. Ушуга байланыштуу мен Кыргыз өкмөтүнө жана кыргыз элине качкындар боюнча эларалык мыйзамдарды аткарып жатканына ыраазычылык билдиргим келет. Мен буга байланыштуу сиздердин радиоугармандарды ишендирип кетким келет - бозгундар Кыргызстанда көп убакытка чейин турушпайт жана эларалык коомчулук алардын проблемаларын чечүүгө көмөктөшөт. Кыргызстандын кадыр-баркы бозгундар проблемасына чейин эле жакшы болчу, ал мындан ары да жакшырат деген ойдомун. Эми суроолорго өтөлү.

«АКИпресс» агенттигинин суроосу: - Кыргызстандагы азыркы саясий жагдайды кандай баалайсыз?

- Өтө ачык суроо… Менимче, Кыргызстан азыр өткөөл мезгилди башынан кечирип жатат. Кыргыз элинин алдында акыркы 15 жылда топтолгон көйгөйлөрдү чечүүнүн жакшы мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эң биринчи маселе – Кыргызстандын мыйзамдуу президентин шайлоо, ал болсо мыйзамдуу премьер-министрди жана өкмөттү ээрчите келет. Алар болсо бардык проблемаларды чечүүгө киришет. 10-июлда өтө турган шайлоо өтө маанилүү жана азыр Кыргызстандын келечеги тууралуу жакшы талаш-тартыштар жүрүп жатат. Мисалы, Конституциялык кеңешме бийлик бутактарынын теңсалмактуулугун талкуулап жатат. Анан эл да мындай талкууларга катышканы маанилүү. Андан да маанилүүсү президенттикке талапкерлер тигил же бул маселе тууралуу ой-пикирлерин айтып, ал ойлордун шайлоочуларга жеткени жана эл өзү кайсы талапкер кийинки 5 жылда өлкөнү башкарууга татыктуу деп чечим кабыл алганы да өтө мааниге ээ. Анжиянда болгон окуялар Кыргызстан үчүн да маанилүү болду. Кыргызстанда парламент депутатынын киши колдуу болушу жана айрым бир саясатчыларга кол салуунун уюштурулуп жатышы өтө тынчсызданууну жаратат. Бирок айтып коюш керек, Анжиянга салыштырганда Кыргызстандагы өткөөл мезгил зордук-зомбулуксуз жана кан төгүүсүз жүрүп жатат. Жаңы өкмөттүн алдында экономикалык программа иштеп чыгуу, коррупция менен күрөшүү жана маңзаттарды ташууга бөгөт коюу сыяктуу бир катар иштер турат. Мен АКШнын өкмөтү жана эли сиздердин алган жолуңуздарга жараша өнөктөш бойдон кала берет деп айткым келет.

«Вечерний Бишкек» гезитинин суроосу: - АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы аскердик багыттагы кызматташтык кандай болот? НАТОнун алкагында дагы бир аскердик база ачылабы? AWACS тибиндеги самолеттор Кыргызстанга жайгаштырылабы?

- AWACS тибиндеги самолетторду Кыргызстанга жайгаштыруу тууралуу эч качан жана эч кандай сунуштар АКШ тарабынан жасалган эмес. Менимче, Ганси атындагы авиабаза глобалдык алкакта террорчулук менен күрөштө чоң рол ойной берет. Гансиде бир эле АКШ эмес, башка да ондогон мамлекеттердин аскерлери кызмат кылышты жана кызмат өтөп жатышат. Биз коалициянын ишине Кыргызстандын катышып жатканын жогору баалайбыз. Ганси авиабазасына болгон таңкыстык сактала берет, анткени күзүндө Ооганстанда парламенттик шайлоо өтөт, ошондон улам сентябрда ал өлкөдө саясий окуялар жанданат деп күтүүгө болот. Себеп дегенде өткөн жылы октябрда Ооганстанда президенттик шайлоо өткөндө саясий окуялар күчөгөн болчу. Ал эми Кыргызстанга Батыштын кошумча дагы бир аскердик базасын ачууга эч кандай негиз жок. Мен айтып коюшум керек – Ганси авиабазасы Кыргызстан менен болгон кызматташтыктын бир гана өңүтү. Кыргызстанга 1992-жылдан бери берилген 100 млн. доллар өлчөмүндөгү жардамдын көбү Ганси жайгашкандан тартып келген. Мен айтып коё турган нерсе – АКШ, Орусия, Кытай сыяктуу ири мамлекеттердин Кыргызстандагы коопсуздукту сактоо маселесиндеги көз-караштары бир жерден чыкканы өтө маанилүү. Биз Орусиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Евгений Шмагин мырза менен сүйлөшкөнүбүздө ал «Кыргызстанда АКШ менен Орусия атаандаша турган эч кандай негиз жок» деген жакшы сөзүн айтты.

«Азаттыктын» суроосу: - Азыркы өкмөт өз ишинде кандай кемчиликтерди кетирип жатат?

- Мен кыргыз эли жана кыргыз өкмөтү кандай ийгиликке жеткени тууралуу айтсам жакшы болот эле. Ошентсе да, 24-марттагы окуя күтүүсүз болгондугу тууралуу эч кандай талаш жок го деп ойлойм. Курманбек Бакиевби же башкалар болобу – алардын баардыгы кандай түйшүккө туш болоорун алардын өздөрү да билишкен эмес. Эң негизгиси алар Бишкектеги талоончулукту жана башаламандыкты тынч жол менен, кан төгүүсүз чечкени болду. Бул жерде Феликс Кулов чоң рол ойногонун айтып коюшубуз керек. Аскар Акаев Москвага качып кеткенден кийин анын отставкага кетишин чечүүгө чоң рол ойногон парламенттин спикери Өмүрбек Текебаев баштаган адамдардын эмгегин да белгилөө зарыл. Менимче, февралда айрым кемчиликтер менен шайланып келген парламенттин иштешине жол берген элдин мындай чечими өтө акылдуулук болду го деп ойлойм. Чолпон Баекова баштаган айрым саясатчылар Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси учурунда президент, премьер-министр жана парламент ортосунда теңсалмактуулук сакталсын деп туура маселе көтөрүштү. Менимче мындай талкууларды Конституцияга өзгөртүү киргизгенге чейин уланта бериш керек. Мага массалык маалымат каражаттарын реформалоо иштери жакшы таасир калтырды. Ал боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын башчылыгына Адахан Мадумаровдун дайындалганы жакты жана массалык маалымат каражаттарын реформалоо ишинин түбөлүгү түз болот деп ишенүүгө негиз берет. Кошмо Штаттары моралдык жактан да, материалдык жактан да жардам бере турган иш – бул эркин телекөрсөтүү ачуу иши. Анткени мурдагы өкмөт буга чейин «Азаттыктан» башка баардык электрондук массалык маалымат каражаттарын өз таасирине басып алган. Кыскасы, жаңы президенттин алдында чоң иштер турат. Бул – экономиканы көтөрүү, жумушсуздукту жоюу, коррупцияга каршы күрөшүү, инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүү. Менимче, буга чейинки жаралган ийгиликтер кеткен кемчиликтерге караганда артыкчылык кылат.
XS
SM
MD
LG