Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:24

«Мекеним-Кыргызстан» кыймылын Ысыккөлдөгү өкүлдөрү нааразылык иш чарасын өткөрүшөт


ЫСЫККӨЛ. Ысыккөл облусундагы "Мекеним - Кыргызстан" жаңы муун кыймылынын үч миңге жакын мүчөлөрү президенттикке ат салышкан Урмат Барктабасовдун талапкерлигин каттоодон өткөрбөй жатканы атайын бут тосуу деп эсептеп, нааразылыктарын ырасмий билдирүү менен Каракол шаар башкармачылыгына жолдошту. Анда 17-июнда Каракол мамлекеттик университетинин алдына тынчтык жолу менен митинг өткөрүү жазылган. "Мекеним - Кыргызстан" жаңы муун кыймылынын Ысыккөл облусундагы өкүлү Казакбай Дербишовдун айтымында, өлкөдөгү тартипти сактоо үчүн дубандагы 50 миңден ашуун кыймыл мүчөлөрүнүн 3 миңи гана митингге чыгат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG