Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

«Айбулак» коомунун өкүлдөрү Бишкек мэриясынан жер талап кылышты


БИШКЕК. «Асанбай» кичи районунун аймагынан жер берүүнү талап кылып жаткан 230 мүчөсү бар «Айбулак» коомунун жоон топ өкүлдөрү 16-июнда Бишкек мэриясынын алдына жер талап кылып чыгышты. Алар менен шаар мэри Аскар Салымбеков жолугушуп, райондук жетекчиликке маселени териштирүүнү тапшырды. Жер алуучулар коомунун жетекчиси Тынычбек Акматалиевдин билдиргенине караганда, шаар бийлигине коомдун мүчөлөрү жер талап кылуучулар менен милиция ортосундагы 16-майдагы чыр-чатакты эске алууну сунушташты. Алардын айтымында, чыр-чатактын учурунда коомдун 58 мүчөсү жабыр тарткан жана бул боюнча алар Башкы прокуратурага кайрылышкан. Ал эми ички иштер министрлигинин оперативдүү маалыматында, бул кагылышууда 14 милиция кызматкери жана төрт атуул жабыркагандыгы кабарланган.

XS
SM
MD
LG