Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:11

Курманбек Бакиев кызмат ордун мыйзамдуу түрдө өткөрүп берет


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев президенттик шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу премьер-министрлик кызматты өткөрүп бериши жакынкы бир,эки күндүн ичинде мыйзамдуу чечилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Феликс Кулов Жогорку Кеңештин 16-июндагы отурумунда депутаттарга билдирди. Кыргызстандын Шайлоо кодексине ылайык мамлекет башчы жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан башка бардык мамлекеттик кызматкерлер президенттик же парламенттик шайлоого катышуу үчүн өз кызмат ордун башка бирөөгө өткөрүп бериши керек деген эреже жазылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG