Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Каракече көмүр кенинде ок атылды


БИШКЕК. Жумгал районундагы Каракече көмүр кенин басып алган атуулдар менен ал жерден көмүр казган «Бешсары» ишканасынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин жактоочуларынын ортосунда 15-июнда кагылышуу болгон. Адегенде нааразылык иш чарасынын катышуучулары өкмөттүк комиссия менен чогуу барган Камчыбек Жолдошбаев жана анын жактоочуларын тез кетип калуусун талап кылышкан. Натыйжада пикир келишпөөчүлүк болуп, тараптардын ортосунда чыр чыккан. Камчыбек Жолдошбаевдин жактоочулары асманга ок чыгарышып, тоо аралап качып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми Камчыбек Жолдошбаевдин автоунаасынан «Макаров» тапанчасы, бир «Каравин жана эки «Винчестер» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар табылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов билдирди. Анын айтымында, мындай окуя мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов баштаган өкмөттүк комиссия Каракечедеги атуулдар менен жолугушууга 15-июнь күнү барган учурда болгон.

XS
SM
MD
LG