Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Иранда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Иранда жума күнү болчу президенттик шайлоонун тынч өтүүсү үчүн ал күнү коопсуздук күчтөрүнүн он миңдеген кызматкерлери көчө-күзөткө кошумча чыгарылды. Тегеран полициясынын акими Мортаз Талайдын маалымдашынча, бүгүндөн тартып полициянын 20 миңдей кызматкери шаарга кошумча жайгаштырылат жана шайлоо участкаларына 50 метрден жакын жерде автомобилдерди коюга тыйуу салынды.

Жекшемби күнү араб калктуу Ахваз шаарында жана Тегеранда бомба чабуулунда кеминде сегиз кишинин өмүрү кыйылган эле. Ал үчүн жоопкерчиликти “Ахвазды бошотуучу араб эрегишчилер кыймылы” деген топ бүгүн өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG