Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

ДОБУШ САТУУ – КЕЛЕЧЕКТИ САТУУ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы эл аралык уюмдар президенттик жана парламенттик шайлоолордун өткөрүлүшүнө байкоо жүргүзүп келишет. Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы, Шайлоо системаларынын эл аралык фонду сыяктуу уюмдар парламенттик шайлоо учурунда добуштарды сатып алуулар арбын болгондугун белгилешкен. Ушул тапта эларалык уюмдардын каржылык колдоосун алган бейөкмөт уюмдар добуштарды сатып алууга каршы иш башташты.

БУУнун Өнүктүрүү программасы «Кыргызстандагы демократиялык шайлоолорду колдоо» долбоорунун алкагында парламенттик шайлоо учурунда да шайлоону ачык айкын, таза өткөрүү боюнча иш жүргүзгөн бейөкмөт уюмдарга каржылык жардамдарды көрсөтүп келген. Бирок ага карабастан, добуштарды сатып алууларга байланыштуу мыйзам бузуулар өтө көп орун алгандыгын уюмдун өкүлдөрү белгилешкен.

«Кыргызстандагы демократиялык шайлоолорду колдоо» долбоорунун кеңешчиси Оскар Ленердин айтймында, президенттик шайлоону ачык, акыйкат өткөрүү боюнча уюмдун бир нече долбоорлору ишке ашырылууда:

- БУУнун Өнүктүрүү программасы шайлоо учурунда добуштарды сатууга каршы иштөө боюнча көптөгөн программалары бар. Биз каржылык колдоо көрсөтүп жаткан бейөкмөт уюмдар президенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү болтурбоого шарттарды түзүүгө аракеттенишүүдө. Алар шайлоочулар, жергиликтүу шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, кары-картаңдар, жаштар үчүн атайын семинар, тегерек үстөл жыйындарын өткөрүшүүдө. Биздин пикир – эгерде шайлоочу добушун сатса – келечекти сатканы болот.

Президенттик шайлоону добуш сатып алууларсыз өткөрүү өнөктүгүн Шайлоо системаларынын эл аралык фонду да колдоодо. Учурда уюм тарабынан шайлоочуларды добуштарын сатпоого, шайлоого зирек көз караш менен мамиле жасоого үндөгөн плакаттар чыгарылды. Анын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссияларынын, жерегиликтүү шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү үчүн шайлоону ачык, эркин өткөрүү боюнча семинар-жыйындарды өткөрүшүүдө.

Аталган фонддун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Дэвид Микоштун пикиринде, алдыдагы президенттик шайлоодо добуштарды сатып алуулар азыраак орун алат:

- Менин пикиримде, бул ирет добуштарды сатып алуулар парламенттик шайлоого салыштырмалуу көп болбойт. Бүгүнкү күндө шайлоочулардын аң-сезимин көтөрүү зарыл. Шайлоочулардын арасында шайлоону ачык, демократиялык жол менен, акыйкат өткөрүү боюнча түшүндурмө иштер, тренингдер жургузүлүшү керек. Мен мындай тренингдер өтө пайдалуу деп эсептейм.

Бүгүнкү күндө ондогон бейөкмөт уюмдар президенттик шайлоону эркин, демократиялык жол менен өткөрүү боюнча жер-жерлерде тиешелүү иштерди жургузүшүүдө. Алардын өкүлдөрү белгилешкендей, Кыргызстанда добуштарды сатып алуу көрүнүшүнүн көнүмүш адатка айлангандыгынын башкы себеби элдин укуктук аң сезиминин төмөндүгүнө, президенттикке же парламентке талапкерлердин, шайлоо комиссияларынын ар кандай мыйзам бузууларга баргандыгына, элдин жакыр турмушуна байланыштуу.

Бул жөнүндө Кыргызстан студенттеринин биримдигинин төрагасы Асхат Дукенбаев мындай дейт:

- Албетте, бизде дайыма добуштарды сатып алуулар орун алып жаткандыгынын эң биринчи себеби элдин оор экономикалык, социалдык абалына байланыштуу. Бирок алардын арасында түшүндүрүү иштери сөзсүз жургүзүлүшү керек. Аларга биз добушту саткан – келечекти сатууга барабар болоорун түшүндүрүшүбүз керек.

XS
SM
MD
LG