Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

АК ҮЙГӨ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕР УРМАТБЕК БАРКТАБАСОВДУН ЖАКТООЧУЛАРЫ КИРИП БАРЫШТЫ


Бүгүн болжол менен саат 11лерде президенттикке талапкер болуп, бирок Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каттоодон өткөрүлбөгөн Урматбек Барктабасовдун жактоочулары Ак үйгө кирип барышты. Алар Урматбек Барктабасовду шайлоого катыштырууну талап кылышууда.

Ак үйдүн айланасында ар кандай маалыматтар боюнча 3 миңден 5 миңге чейин адам турат. Президенттин пресс-катчысы Авазбек Атахановдун "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча учурда Ак үйдүн ичинде жоон топ кишилер жүрүшөт. Бирок алар эч кандай тополоң кылышкан жок. Атаханов президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев Панфилов районунда иш сапары менен жүрөт.

Биринчи премьер-министр Феликс Кулов болсо экономикалык форумдун ишинде болчу.

Нааразычылык акциясына чыккандардын арасында туруп "Азаттыкка" берген интервьюсунда президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун Борбордук шайлоо комиссиясынын күнөөсү менен ушундай иш болуп жатат деди. Анын пикиринде БШК Урматбек Барктабасовду президенттикке талапкер катары катташы керек эле.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов "Азаттыкка" берген интервьюсунда Урматбек Барктабасов Казакстандын атуулу болгондуктан, мыйзамга ылайык ал Кыргызстандын президенттигине талапкер боло албайт. "Биздин колубузда Барктабасовдун Казакстандын атуулдугун далилдеген айныксыз фактылар бар" деди Туйгуналы Абдраимов.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн Урматбек Брактабасовдун арызы каралып жатат, анда ал президенттикке талапкер катары катышууга укугун коргоп жатат.

Ал эми Каракол шаарында бүгүн 2 миңдей адам катышкан митинг өтүп жатат. Алар дагы Урматбек Барктабасовдун таламын талашып, президенттик шайлоого аны катыштырууну талап кылышууда.

Сүрөттө: Ак үйдү курчоого алуудан бир көрүнүш.
XS
SM
MD
LG