Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

БАРКТАБАСОВДУН ЫСЫККӨЛДӨГҮ ЖАКТООЧУЛАРЫ ДА МИТИНГ УЮШТУРДУ


Президенттикке талапкер катары каттоодон өтпөй калган Урмат Барктабасовдун Ысыккөлдөгү жактоочулары 17-июнда митингге чыгышты. Алар Урмат Барктабасовдун талапкерлиги президенттикке катталбай калышын бийликтин бут тосуусу деп эсептешүүдө.

“Мекеним Кыргызстан”, анын лидери ким – Урмат Барктабасов” – ушундай сүрөөндөр менен Каракол шаарынын борбордук аянтына “Мекеним Кыргызстан” жаңы муун кыймылынын эки миңге жакын мүчөлөрү чогулуп, кыймылдын лидери Урмат Барктабасовду президенттик жарышка каттабай жатканын бийликтин бут тосуусу деп, шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу тууралуу айтышты:

- Борбордук шайлоо комиссиясынын Барктабасов Урматбек Аскарбековичти Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлигин катоодон баш тартуусу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-статьясынын 5-пунктуна карама-каршы келгендиктен мыйзамсыз деп табылсын, - деп “Мекеним Кыргызстан” кыймылынын Ысыккөлдөгү өкүлү Казакбай Дербешов чечимди жарыя салды.

Ал эми Сапар Адигинеев болсо шайлоо комиссиясы мурунку бийликтин каталыгын кайталаса өлкөдөгү абал курчуйт деген кооптонуусун айтты:

- Кылбаган мамилени кылып турат. Эл толкуса эмне болот?

Ошондой эле ал «Мекеним Кыргызстан» кыймылына бир миллиондон ашык адам мүчө болгонун белгиледи.

Аксуу районунан келген Шайлоо Курманкалиев президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев өлкөнү башкара албай жаткандыгын айтып, ошентсе дагы ага депутаттар иштеп жатат деген оюн ортого салды:

- Бүтүндөй мектептерге, мамлекеттик кызматтарга үстөмдүк кылып Бакиевге иштеген депутаттар болуп жатат. Ошондуктан мен депутаттарга да кайрылып кетсем, 100-200 сомго элдин добуштарын сатып алып, Бакиевди шайласак деген үгүт иштери жүрүп жатат. Бул таптакыр туура эмес.

Митингге саясий партиялардын өкүлдөрү дагы күбө болушту. Кыргызстан демократиялык партиясынын Ысыккөл регионалдык уюмунун жетекчиси Аскар Мансуров бүгүнкү кырдаал тууралуу мындай дейт:
алардын да пикирин уксак:

- Казак Республикасынын президентине дагы Урмат Барктабасов арыз жазыш керек болчу атуулдукту кабыл алуу жөнүндө. Митингди өткөрүп жаткан өкүлдөрүнүн айтымына караганда, андай документ жок. Биздин оюбузча Урмат Барктабасов президенттикке талапкер болуп катталыш керек болчу.

Ал эми “Мекеним Кыргызстан” кыймылынын
Ысыккөлдөгү штабынын башчысы Төлөгөн Садыков бул нааразылык акцияны катышуучулардын добушу менен жыйынтыктап жатып мындай деди:

- Борбордук шайлоо комиссиясы отставкага кетсин. Бакиев кандидатурасын калган кандидат сыяктуу туура келтирсин

Ушундай пикирдеги талаптар жазылган билдирүү Жогорку Кеңешке жолдонду.

Ал эми кыймылдын өкүлү Зыйнагүл Калыкова өлкөнү башкаруу дагы өкмөткө жүктөлсүн дейт:

- Биздин талабыбыз, Бакиев өзүнүн полномочиесин убактылуу Жогорку Кеңешке өткөрүп берсин. Эгерде өткөрүп берсе мамлекет башкарылбай калбайт да, сөзсүз түрдө Жогорку Кеңеш убактылуу болсо да башкарып турат. Бул боюнча биз Өмүрбек Текебаевге жолдомо жолдодук.

Жергиликтүү бийлик болсо бул акция талаптары аткарылбайт деген ойдо. Маселен, Каракол шаар мэриясынын аппарат башчысы Айбек Турусбаев бул мыйзамга каршы деп эсептейт:

- Мыйзам боюнча “Мекеним Кыргызстандын” бүгүнкү талаптары аткарылбаш керек. Себеби бул өзү мыйзамга каршы деп эсептейм.

Урмат Барктабасовду президенттик талапкерликке каттоо боюнча бул күнү Бишкектин 1-Май районунда өтүп жаткан соттун жообун телефон менен болсо да укмайынча тарабайбыз деген митингчилер мындай кыйкырыктар менен турушту:

- Барктабасов келмейинче шайлоону токтотобуз. Баркатабасовду шайлайбыз.

XS
SM
MD
LG