Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

«Мекеним Кыргызстан» кыймылынын Таластагы кеңсесинин алдында да митинг болду.


ТАЛАС. Нааразычылык акциясына облустун райондорунан үч жүздөй адам келип катышты. Алар Урмат Барктабасовду президенттикке талапкер кылып каттабай коюну Акаевдик замандагыдай саясий буйрук деп баалашты жана сот органдарынан анын Казакстандын жарандыгына байланыштуу талаш маселесин оң чечип берүүсүн талап кылышты.

Карабуура районунун Чолпонбай айылынан келген Сакыбек Үмөталиев бул боюнча мындай деди:

- Мен Урмат Барктабасовду каттабай коюушун мыйзамсыз катары көрөм. Анткен себеби мыйзамдын негизинде 1999-жылы чыккан өкмөттүн өз ара келишими боюнча сөзсүз түрдө эгерде бул башка өлкөнүн жараны боло турган болсо, анда алардын президентинин указы керек.

Нааразылык акциясы бир саатка жакын уланды жана акция аяктаган соң анын катышуучулары жеңилдетилген кредит алуу түйшүктөрү менен алектенүүсүн улантышты. Анткени “Мекеним Кыргызстан” Талас өрөөнүндө кыска мезгил ичинде элге жеңилдетилген кредит берүү иш чарасы менен колдоого ээ болуп бараткан кыймыл катары көрүнүп калган.

XS
SM
MD
LG