Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Барктабасов камалабы?


БИШКЕК. Бишкекте баш-аламандыкты уюштургандыгы үчүн Урмат Барыктабасов изделүүдө. Ал эми анын Бишкектеги кеңсеси прокуруратуранын уруксаты менен тинтилип, финансылык документтер алынды. Бул тууралуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, Барктабасов түштөн кийин эле Казакстанга өтүп кеткен жана анын кимдер менен жүргөндүгү белгилүү. Ал азыркы бийликке каршы чыккан мурунку бийликтин өкүлдөрү менен бирге.

Барктабасовдун максаты тууралуу Бекназаров буларды билдирди:

- Урмат Барктабасовдун президентикке талапкерлиги бул шылтоо. Алардын негизги максаты бийликти басып алуу болгон. Ошондуктан кылмыш иштер козголду, кеңсесинен документтер алынып, баары такталып жатат.

XS
SM
MD
LG