Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Коалиция «Мекеним Кыргызстанды» айыптады


БИШКЕК. «Мекеним Кыргызстан» кыймылынын өкмөт үйүн басып алуу аракети демократияга эч бир коошпогон нерсе. Муну уюшулган түрдө бийликти басып алуу аракети катары баалоого болот, деп билдирди «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын лидери Эдил Байсалов. Ал кыжырданган топту күч колдонуу менен тараткан тартип коргоо органдарына колдоо көрсөтүп, «Мекеним Кыргызстан» белгисиз жактан куюлган ченемсиз каражат менен өзүнө жактоочуларды топтоодо. Алардын аракети менен 17-июнда Кыргызстандын туруктуулугуна жана беделине шек кетти. Авантюристтер татыктуу жообун алды. Бирок бул жетишсиз. Биз жалпы аракет менен туруктуулукту камсыз кылабыз деп ишенем, деп айтылган коалицянын лидеринин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG