Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Нааразылык акциясынын катышуучуларына каршы газ чачылды


БИШКЕК. Түшкү саат 11ден кийин Ак үйдүн тосмосунан өтүп, эшигине чейин барган 5 миңге чукул адамды милиция резина таяк менен калканчтарын койгулап айдап чыкты. Бирок Ак үйдүн алдында алардын 500гө чукулу калып, бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуусун талап кылып турушту. Бир аз убакыттан кийин милиция аларга көздөн жаш агызуучу газ чачып, өкмөт үйүнүн жанынан «Алатоо» аянтына чейин кууп таратты. Чогулгандар милицияга, милиция аларга каршы таш ыргытышып каршылык көрсөтүштү жана андан бир нече адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлигинен алынган маалыматка караганда, врачтарга 41 адам кайрылды. 27 адамга чакырган жеринде жардам көрсөтүлүп, үчөө ооруканага жаткырылды. Анын бирөө реанимацияда, ууланган дагы бирөө токсикология бөлүмүнө жаткырылды. Жабыр тарткандардын жарымысы газдан ууланышкан жана алардын арасында милиционерлер менен митингге чыккандардын саны бирдей. Жараат алгандардын арасында адам укуктары боюнча президент алдындагы комитеттин төрагасы Турсунбек Акун да бар. Ал республикалык оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, дарыгерлер жаратын тигишти.

XS
SM
MD
LG