Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Кошмо Штаттары Нигериянын Лагос калаасындагы консулдугун убактылуу жапты


Коопсуздук кырдаалы жөнгө салынмайынча башка мамлекеттер да, анын арасында Германия, Британия Нигериянын ири шаарындагы дипломатиялык миссияларынын ишин токтото турууну чечишти. Нигериянын борбору Абужадагы америкалык элчилик болсо ишин кыскартылган режимде улантууда.

Элчиликтин маалымат катчысы Рудольф Стюарт Лагостогу консулдуктун жанында коопсуздукка коркунуч туудурган окуя болду, аны Нигериянын полициясы иликтеп жатат деп, билдирди. Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз.

Кечки эл аралык кабарларды Прагадан Айнура Жекше кызы даярдады

XS
SM
MD
LG