Линктер

жекшемби, 26-февраль, 2017 Бишкек убактысы 11:46

Грузин өкмөтүнүн расмий өкүлү Түштүк Осетиядагы кырдаал боюнча жыйын өткөрүүнү сунуш этти


Грузин өкмөтүнүн министри Георгий Хаиндрава Грузия менен Түштүк Осетия ортосунда 1992-жылы түзүлгөн ок атышпоо жөнүндөгү келишимдин аткарылышына байкоо салган атайын топтун чукул жыйынын өткөрүүгө чакырды. Хаиндрава сепаратисттик жумуриятта акыркы кезде абал курчуп баратканын баса белгиледи.

Өткөн айда грузиялык 1 милиционер жана түштүк осетиялык 4 аскер аткылашуудан набыт болгон. Көп узабай грузиялык 4 жаран Цхинвалинин жанынан уурдалып кетти. Бүгүн болсо ошол жоголуп кеткен грузиндерди издеп жаткан орусиялык 1 аскер жана грузиялык 2 милиционер минага кабылып, жарадар болушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG