Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

БУУ дүйнө жүзү боюнча качкындардын саны азайып, 25 жыл ичиндеги эң төмөн көрсөткүчкө жетти деп билдирди


Уюмдун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты тараткан маалыматка ылайык, былтыр жыл этегинде үйлөрүн таштап, башка жерден баш паана издөөгө мажбур болгон адамдардын саны 9,2 миллионду түздү. Былтыркы менен салыштырганда бул – 350 миң кишиге аз.

Соңку кабарларга ылайык БУУнун комиссариаты Пакистандын Түштүк жана Чыгыш Вазиристан аймактарында жайгашкан оогандык качкындарды үйлөрүнө кайтара баштады. Ал жерлерде исламчыл согушкерлер менен салгылашуулар өтүп жатат. Коопсуздук себептеринен улам, качкындар лагерлеринде жашап жаткан 30 миңдей оогандык жаранды ушул айдын аягына чейин мекенине көчүрүү каралууда. Ооганстан менен чектеш аймактарга Пакистандын өкмөтү 70 миңге чукул аскер жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG