Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:42

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Брүсселде Еврошаркеттин саммити өтүүдө. Анда уюмдун Конституциясын ратификациялоо маселеси жана шаркеттин 2007-2013 -жылдардагы бюджети жөнүндөгү маселелер талкууланууда. Эки күндөн берки талаш- тартыштар 25 мүчө мамлекетти камтыган уюмда ири келишпестиктер бар экенин, мамлекеттерди мунасалуу пикириге келтирүү оңой-олтоң эмес экенин дагы бир жолу тастыктады.

Саммитте негизги талаш Франция менен Британиянын ортосунда тутанды. Франция уюмдун бюджетине кошкон салымын кайтарып алуу жөнүндөгү Британиянын талабына караманча каршы чыкты. Еврошаркеттин Британиядан башка бардык мүчөлөрү бир кезде уюмдун бюджетине кошуп, бирок орток казынадан өз үлүшүн ала албай калган акчаларынан кечип кетүүгө даяр экенин айтышты. Бир гана Британия мындай кадамга Франциянын фермелерге берген олчойгон субсиядиясы кыскартылганда гана барууга макул. Британияга орток бюджеттен жылына кеминде 5 миллиард евро кайтаралып берилип турмак жана бул олчойгон каражаттын олуттуу бөлүгү Франциянын эсебинен алынмакчы. Ошол эле убакта Франция айыл чарба секторун субсиядиялоого уюмдун бюджетинен эң көп акча алган өлкө.

Расмий Лондон Еврошаркеттин бюджети кантип сарпталып жатканына да нааразы. Анын пикиринде, бюджеттин 40 процентин айыл-чарбачылыгын өнүктүрүүгө сарптоо туура эмес, андан көрө бул каражаттарды илимий изилдөө тармагына жумшоо мезгил талабына ылайык келет.

Саммиттин катышуучулары бюджет талашы жалаң эле бул эки өлкөгө эле тийешелүү эмес экенин, бюджеттин структурасы, анын үлөштүрүү башка мамлекеттерди да ынандырбай жатканын айтышат. Маселен, Швециянын өкмөт башчысы Гөран Персон мындай пикирин билдирди:

- Бюджеттин структурасына иренжип тургандар көп. Ошон үчүн бул саммитти Франция менен Британиянын ортосундагы "чабыш "деп атаган туура эмес. Бул дискуссиянын артында алгач карагандан алда канча ири проблема турат.

Мисалы Даниянын өкмөт башчысы Андерс Расмуссен Еврошаркеттин бюджети Уюмдун жалпы экономикасынын конкуррентүүлүгүн арттыруу максатына, билим берүү, илим тармактарына сарпталуусу абзел, деп эсептейт.

Ал эми уюмдун бюджетине калкынын киши башына эсептегенде башкалардан эң көп кошумча кошуп жаткан Швеция менен Нидерланды алардын кошумчасынын көлөмүн азайтууну талап кылып жатышат. Нидерландынын киши башы салымы азыр 120 еврону, ал эми Швецияныкы 106 еврону түзөт. Алардын орток бюджеттен алып жаткан үлүшү болсо кошкон салымынан аздык кылат.

Швециянын өкмөт башчысы бюджет сыяктуу маанилүү маселеге байланышкан талаш-тартышты жөнгө салып, чечим кабыл алуу үчүн убакыт жана сабырдуулук керек экенин белгилеп, бюджет боюнча чечим кабыл алууну бир жылга кийинкиге жылдыруунун сунуш кылды.

- Биз бюджет боюнча орток пикир жетишилээрине үмүттөнөбүз. Бирок бул маселени шашпай талкуулап, чечим кабыл алууну бир жылга кийинкиге калтырганыбыз оң. Дагы бир жаңылыш чечим кабыл алгандан көрө, ошондой кылганыбыз оң.

Уюмдун Греция жана Португалия сыяктуу мүчөлөрү уюмга жаңы жардыраак өлкөлөрдүн кошулганына байланыштуу, өзүлөрүнө бюджеттен тийүүчү үлүштү көбөйтүүнү талап кылып жатышат.

Бюджет маселеси менен бирге эле күн тартибинде Еврошаркеттин Конституциясынын тагдыры болду.

Франция менен Нидерландыда өткөн референдумдар Конституцияны четке какканына байланыштуу, Еврошаркетке мүчө мамлекеттер Конституцияны ратифиякациялоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарууну 2006- жылдын июнь айына жылдырып, Конституцияны ратификациялай элек өлкөлөргө ойлонууга кошумча убакыт берүүнү чечишти. Бирок шаркеттин азыркы төрагасы, Люксембургдун өкмөт башчысы Жан Клод Юнкер Конституциянын текстин кайра карап чыгып, өзгөртүү жөнүндө сөз кылууга болбой турганын билдирди. Конституцияны өзнгөрткөндөн көрө, аны калкка түшүндүрүү талапка ылайык, деди Юнкер.
XS
SM
MD
LG